Бул 4 себеп кулак эмнеге зыңылдайт экенинен кабар берет
Кээде дени сак адамдардын деле кулагы зыңылдап калат. Ага чарчоо, оор физикалык басым, психоэмоционалдык чыңалууну баштан өткөрүү, уйкуздук, концертке барып, көп убакыт динамиканын жанында туруу жана башкалар себеп болушу мүмкүн.
Бирок, кулак эч себепсиз эле бат-баттан зыңылдаса, анда олуттуу бир көйгөйдүн белгиси.
- Гипертониялык оору
Эмне үчүн зыңылдайт? Баш мээнин кан тамырлары, арткы кулак артериялары карышып, артериялар ичкерип, мээге кислород жетпей калат.
Кантип зыңылдайт? Бир кулак же экөөндө тең жүрөктүн кагышындай пульсацияланган добуш чыгат.
Эмне кылуу керек? Терапевтке же кардиологго кайрылуу.
- Мээнин, уйку жана омуртка кан тамырларынын атеросклерозу
Эмне үчүн зыңылдайт? Мээ артерияларынын ичиндеги холестериндик “бляшки” кан кыймылына тоскоолдук жаратып, кулак ичинде ызы-чууну пайда кылат.
Кантип зыңылдайт? Башта жана кулакта дайыма же мезгил-мезгили менен ызы-чуу пайда болуп, баш айланышы да мүмкүн.
Эмне кылуу керек? Терапевт же неврологдон консультация алуу.
- Остеохондроз
Эмне үчүн зыңылдайт? Остеохондроз же омуртканын моюн бөлүгүндөгү башка өзгөрүүлөр, бир же эки омуртка аретияларынын гипоплазиясы кан агымынын бузулушуна алып келиши мүмкүн. Адатта, кулактын зыңылдашы, баш айлануу, кыймыл-аракеттин бузулушу, көздөгү бүдөмүк менен коштолот.
Кантип зыңылдайт? Ачык эмес, шаңгыраган ызы-чуу.
Эмне кылуу керек? Бейтапканага кайрылып, толук изилдөөдөн өтүү керек.
- Баш – мээ жаракаты
Эмне үчүн зыңылдайт? Мээнин шишип кетиши кулакты зыңылдатышы мүмкүн. Бул учурда кусуу, баш айлануу, жүрөгү айлануу, баш оору, көрүүсү начарлоо сыяктуу белгилер байкалат.
Кантип зыңылдайт? Кулакта ышкырык же чыйылдаган сымал үндөр пайда болот.
Эмне кылуу керек? Дароо дарыгерге кайрылып, угууну толук изилдөөдөн өткөрүү керек.
Ошондой эле, баш мээ шишиги, отит, аз кандуулук, эндокриндик оорулар, психикалык жана физикалык чарчоо ж.б.кулакты зыңылдатышы мүмкүн. Так себебин аныктоо үчүн сөзсүз дарыгерге кайрылуу керек.