// //

Бул 5 сөздү эч качан сүйүктүүңүзгө айтпашыңыз керек

2022.03.16, 15:27
7845

Салам достор! Биз силер менен пайдалуу маалыматтарды бөлүшкөндү улантабыз. Бүгүн ортодо түшүнбөстүктөр пайда болгондо, сүйүктүүңүзгө кандай сөздөрдү айтпаш керек экенин айтып беребиз. Эч качан урушпаңыз, диалог курганды үйрөнүңүз. 

1. Баарына сен күнөөлүүсүң!

Айыптоолор сизге же өнөктөшүңүзгө пайда алып келбейт. Пайда болгон түшүнбөстүктөргө чындап эле сүйүктүүңүз күнөөлүү болсо дагы. Акылдуу болуңуз, отко май тамызбаңыз. Кийинчерээк, ачуулар басылганда, тынч сүйлөшүп, ким күнөөлүү, эмне кылуу керек экенин тактаган жакшы. 

2. Ал мен үчүн ар дайым мындай кылчу

Эч качан, эсиңизде болсун, эч качан, мурунку сүйлөшкөн адамыңызды айтпаңыз. Жакшы жагын дагы, жаман жагын дагы. Өнөктөшүңүз аны унута албай жүрөт деп ойлоп калат. Сүйүктүүңүздү "идеалдуу" бирөө менен салыштыра берсеңиз, анда комплекстер пайда болот. Эгер өнөктөшүңүздүн жүрүм-турумун өзгөрткүңүз келсе, чын жүрөктөн сүйлөшүү же жумшак сөздөр менен көндүрүү сыяктуу маданияттуураак ыкмаларды колдонуп көрүңүз.

3. Болбогон кепти айтпачы

Эгер сиз аны менен мамиле курууга аң-сезимдүү түрдө макул болсоңуз, анда өнөктөшүңүздүн интеллектуалдык деңгээлинен кабарыңыз бар. Ошондуктан, сиздин оюңузча анын айткандары, ойлору, иедялары күлкүлүү болсо дагы, аларды кемсинтип же шылдыңдап сүйлөбөшүңүз керек. Бул учурда сүйүктүү адамыңыз жабылып, сиз менен эч нерсе бөлүшкүсү келбей калат.  

4. Колуңдан эч нерсе келбейт

Мындай нерселерди эч качан айтууга болбойт. Жана өзүңүз жөнүндө дагы мындай ойлобоңуз. Аракет кылганы үчүн ыраазычылык билдириңиз, аракети үчүн мактоо айтыңыз. Ал эми бир нерсе болбой калса, анда эч кандай мааниге ээ эмес, чогуу кырдаалдан чыгуунун жана көйгөйдү чечүүнүн жолун таба аласыңар.

5. Мен сага айткам

Каардуу желмогузга айланбаңыз жана бул сөздү түбөлүккө унутуңуз. Бул сизге эч кандай жакшылык алып келбейт. Адамдын баары эле ката кетирет, эч нерсе кылбагандар гана ката кетирбейт. Өнөктөшүңүз ката кетирип, алардан туура сабак алсын. Сиздин милдетиңиз - айыптоо жана жеңишке жетишүү эмес, колдоо жана сүйүү. Жылмайып сүйүктүүңүзгө кийинки жолу сөзсүз ийгиликке жетерин айтыңыз.

Макала бул жерден алынды. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт