Баш кошконубузга үч жума болду. Келинчегим эмнеге кошулуудан баш тартып жатат?
Саламатсызбы! Үйлөнгөнүмө үч жума болуп калды. Келинчегим менен бир эле жолу кошулдук. Ошондон бери качып болбой жатат. Мен бир нерсени туура эмес кылып койдумбу?
Светлана Коздрович
Гинеколог
Куш бооңор бек болсун. Бардыгыңарды эркектин жана аялдын организми тууралуу көбүрөөк окуп, билип алууга чакырам.
Аялдын жыныстык катнаштан баш тартуунун себептери түрдүү болушу мүмкүн. Жаңыдан башталган жыныстык жашоо, аялдар үчүн ооруксунуу, жагымсыз сезимдер менен коштолот. Физикалык жактан денеси ооруп, моралдык жактан кадимкидей стресс болушат. Жыныстык катнаш, жагымдуу жана эки тарапка тең ырахат алып келүүсү үчүн убакыт, мырзанын сабырдуулугу жана келинчегине аяр мамиле жасоосу талап кылынат. Бирок бир нече шарттары бар:
- ортоңордо сүйүү сезими болушу керек;
- никеңер экөөңөрдүн тең макулдугуңар жана каалооңордун негизинде кыйылып жатат.
Ошондой эле, биринчи жыныстык катнаш орой болсо кыздарда коркуу сезими пайда болот, анын негизинде жыныс кынынын булчуңдары карышып калат. Бул ооруксунууну ого бетер күчөтөт. Мындай абал вагинизм – деп аталат.
Андан тышкары, аялда кандайдыр бир гинекологиялык оору бар болушу мүмкүн. Өзүнөн акырын сурап, чыныгы себебин аныктаңыз. Зарылчылык пайда болсо дарыгерге кайрылыңыз.