// //

Кайын энем "балам менен ажырашсаң алты миң сом берем" деди

2022.03.14, 17:07
15753

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эскертүү! Каармандардын аты өзгөртүлдү. Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт, интернеттен алынды!

Ошондо сунушуна макул болсом, азыр чөнтөгүмдө 6000 сом болмок. Тамаша. Бул күлө турган нерсе эмес. Айла жок, өзүмдү ушинтип алаксытам. Анда кеп башынан болсун.

Жигитим берген сөзүнө турбады. Алганга чейин мени айга алып барарын айткан. Жашоо шартыбыз таптакыр башкача болорун айткан. Ага тийсем бактылуу болорумду айткан. 

Биринчи жумушумду таштатты. "Мен эле багам" деген. Ишенгем. Эч качан жумушуңарды таштабагыла. Бул менин катам болду. Этек кирим келгенде прокладкага акча таппай калдым. Ошондо ызаланып ыйладым. Күйөөм бербей койду. 

Экинчи курбуларымдан алыстатты. Эч качан жакын адамдарыңарды жок кылбагыла. Алардын колдоосу бир убакта керек болот. Бул менин катам болду. 

Күйөөм өзүн сүйбөгөн, коркок, али кичинекей бала экен. Менин таянар тоом, колдоочум болот дегем. Жок, ал өзүнө ишенбегени аз келгенсип, мага ишенбей, кызганып, мени чүнчүтүп баштады. 

Мен үйдө отуруп калдым. Кайын энемдин атакасы башталды. Мени жактырбады. Апалап чай сунсам дагы кабагын ачпады. Бир күндө 24 саат болсо, анын 25 сааты мени каргап, урушуп өткөрөт. Мен чыдай албай бараттым. Эмне деген жерге туш болдум? Күн сайын ыйлайм. Бул менин катам болду. 

Кайын энем бир жолу мындай деди. "Сага алты миң сом берем, ажырашып кетип кал." Күйөөм жумушта болчу. Шок болуп туруп калдым. Ошондо мен өзгөрдүм. Менин тагдырымды алты миң сомго баалаганына күлкүм келди. "Кичине кошпойсузбу" деп айтайын дедим. Анан кой деп, ага теңелбей эле коюуну чечтим. 

Мага кол көтөрдү. Бул биринчи жана акыркы жолу болду. Мен кеттим. Мен ушундай чечим кабыл алдым. Эртеси кечирим сурап жалдырады. Бирок, силерди билбейм, мен өзүм кетүүнү чечтим. Менин жолумду жолдогула дебейм. Баарын өзүңөр чечесиңер. Мен ушундай чечим кабыл алдым.

Күлүп кирген үйлөрүнөн ыйлап чыгып кеттим. Башымды көтөрдүм. Артка барып алты миң сомду алайын дедим. Кайра, аларга керек болот го деп ойлодум (күлүп). 

Азыр менин эки балам бар. Алтындай күйөөм бар. Айымдар, ишенгиле, бактылуу болууну чечсеңер, сөзсүз бактылуу болот экенсиңер. Коркуунун кереги жок. Болгону өзүңөрдү уккула. Өзүңөрдү сүйгүлө. Мен ажырашкандан кийин катуу оорудум, депрессия болдум. Бирок, өзүмдү кор кылгым келбеди. Психологго бардым, дарыландым. Өзүмдү сүйгөндү үйрөндүм. Баарын бир кездеги тажрыйба катары кабыл алдым. Азыр тамашага салып сүйлөп калдым.

Баса, кайын энемди эки-үч жолу базардан көрдүм. Мынча бактысыз адам. Менде ага болгон эч кандай сезим калбаптыр. Боорум гана ооруду. Баягыдай эле. Болгону өтө карып кетиптир. Жыргап кетпегени көрүнүп турду.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кудагыйыма “кызымды көлөкөгө баккам” десем, “мен деле күн көрсөтпөйм” деди

Күйөөмдүн кандай жол менен акча таап келгенин угуп боорум эзилди

Күйөөмдүн жалаяк жууп жатканын угуп аябай таң калдым

Үч баласы бар аялга үйлөнгөнүмө эч качан өкүнбөйм

 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт