Жигитимден өч алуу үчүн иниси менен сүйлөшсөм болобу?
Саламатсызбы! Мен жигитим менен бир жылдан ашык сүйлөштүм, аябай сүйдүм. Бирок экөөбүз көп урушчубуз. Кийинки күндөрү бири-бирибизди түшүнө албай кол үзүштүк.
Жигитим менен сүйлөшүп жүргөндө эле иниси мени жакшы көрөрүн айта берчү. Жолугушпай калганыбызды билээри менен мага аябай жакындап, сүйөөрүн айтып жатат. Менин айыман жакшынакай сүйлөшкөн кызын да таштады.
Эмне кылсам болот? Жигитимди унута албай, аябай кыйналып турам. Же өч алып иниси менен сүйлөшүп алсамбы?
Мария Самсонова
Психолог
Саламатчылык. Эмне кыла турганыңызды сиз гана билесиз жана сиз гана чечесиз. Жигитиңен өч алуу максатында башка адам менен мамиле куруу, жакшылыкка алып келбейт.
Мамилени ар дайым эки тараптын жактыруусу менен, сүйүү сезими болгондо гана баштоо керек. Жакпаган адам менен жуп болуу, өзүңө карата жасалган кылмыш. Мындай жоруктан эң көп азап тарткан адам сиз эле болосуз.
Жакшылап ойлонуп, бардыгын таразалап көрүңүз.
Ийгилик!
Мария Самсонова менен инстаграмдагы @samsonova.psiholog баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.