Таттуудан баш тарта албай, кыйналып жүргөндөр үчүн сонун маалымат
"Эртеңден баштап таттуу жебейм!" Эртеңиңиз түгөнбөй кыйнап жатабы. Капа болбоңуз. Бүгүн биз сизге таттуудан кантип баш тартса болору тууралуу айтып беребиз.
Рационуңузга татаал углеводдорду кошуңуз
Таттуулар организмде тез эле жөнөкөй кантка айланып сиңип кетет дагы, кайра дагы жегиңизди келтире берет. Ал эми дандын бир бөлүгү деле акыры барып жөнөкөй кантка айланат, бирок бул процесс узакка созулат, андыктан сиз дагы көпкө чейин ток болосуз.
Сахарды акырындык менен азайтыңыз
Үч кубик тазаланган канттын ордуна чайга экөөнү, анан бирди кошуп баштаңыз. Мурда төрт момпосуй жесеңиз, эми экини жеңиз. Торттун жарымын досуңуз же башка жарым менен бөлүшүңүз. Ошентип, таттуудан ырахат ала бересиз, бирок сахарды азайтасыз.
Таттууларды зарыл учурда гана жеңиз
Шашып баратып балмуздак жебеңиз, компьютерде отурганда же телефон чукулаганда конфет жебеңиз. Анткени, алар жөн гана көнүмүш адат болушу мүмкүн.
Өзүңүздү таттуулар менен сыйлабаңыз
Бул начар адат. Биринчиден, сиз маанилүү долбоорду бүтүрүп, торт сатып аласыз. Анан стресс болгон учурда торт жей баштайсыз, анткени таттууларды ийгилик жана кубаныч менен байланыштырасыз. Жегенге болбой турган нерсе менен өзүңүздү сыйлаңыз же таттууга жумшай турган акчаңызды банкка салып чогултуңуз.
Таттууну ойлобой, алаксуу жолдорун ойлонуңуз
Мисалы, 50 жолу отуруп туруңуз же чет тилинен 10 сөздү жаттап, кайталаңыз. Физикалык же акылга байланыштуу күч-аракеттен кийин таттуу жегиңиз келбей калышы мүмкүн.
Таттуу суусундуктардын ордуна суу ичиңиз
Коланын бир банкасында 39 грамм кант бар, бул орточо адамдын суткалык баасынын жарымынан көбүн түзөт. Ал эми бир стакан апельсин ширесинде - 33 г.
Десерттерди өзүңүз даярдаңыз
Бул учурда, сиз алардын таттуулугун көзөмөлдөй аласыз. Пирогго рецептте көрсөтүлгөндөн азыраак кант салыңыз.
Этикеткаларды окуңуз
Курамында кант жок деп ойлогон тамак аштарда дагы кант болуп калышы мүмкүн. Мисалы, чипсы, кетчуп, тез даярдалчу тамак аштар ж.б. Аларды кант жок азыктарга алмаштырыңыз.
Эрк жана бул кеңештер кантка болгон каалоолоруңузду жеңүүгө жардам берет. Максаттарыңызга бекем туруңуз, ошондо денеңиз сизге ыраазы болот.