// //

Балаңыз алиги жөнүндө сураса, катып калбай минтип жооп бериңиз

2022.03.12, 14:39
8419

Балдар эки жашында эле өз денесине кызыга башташат: кармашат, карама-каршы жыныстагы балдарды карашат, суроо беришет дегендей. Бул нормалдуу кызыкчылык экенин ата-энелер билиши керек. Психологдор балдарга сексуалдык билим берүүнү алардын биринчи сексуалдык тажрыйбасы (көчөдөн, досторунан ар нерсени угуп келгенге чейин) пайда болгонго чейин баштоону кеңеш беришет. Бул көптөгөн көйгөйлөрдөн, анын ичинде комплекстердин пайда болушунан жана эрте кош бойлуулуктан арылтат.

Ишенимдүү адамдын түрүн көрсөтүңүз 

Эгер балаңыз сизге бул жөнүндө суроо менен келсе, анда ал теңтуштарына караганда сизге көбүрөөк ишенет. Андыктан коркпоңуз жана өзүңүздү эркин алып жүрүңүз. Эгер бала сиздин уялганыңызды байкаса, ал ыңгайсыз нерсе жөнүндө сурадым деп ойлойт, туура эмес пикирди пайда кылып, кайра кызыгууну арттырат. Эгер сиз секс жөнүндө сөз кылуудан ыңгайсыз болсоңуз, анда өзүңүздү жыныстык жактан  тарбиялаңыз: китептерди окуңуз, кино көрүңүз, бул теманы өнөктөшүңүз менен талкуулаңыз.

Чындыкты айтыңыз

"Чоңойгондо билесиң" деген сөздөрдү айтпаңыз, урушпаңыз. Биринчиден, бул адепсиздик, экинчиден, баланын көз алдында авторитетиңизди жоготуп алуу коркунучу бар. Балдардын суроолоруна чынчылдык менен жооп бериңиз жана билгениңизди гана айтыңыз. Суроого так  жооп бербей качсаңыз, бала ого бетер кызыгып, башкалардан сурап, көчөдөн издей баштайт.

Атайын адабияттарды колдонуңуз

Керек болгондо китепти ачып, маселени чогуу изилдеш үчүн атайын адабияттарды алдын ала сатып алыңыз. Түстүү иллюстрациялар жана кыскача түшүндүрмөлөр жашооңузду жеңилдетет жана сизди ыңгайсыз абалдан куткарат.

Балаңыздан эмнелерди билерин сураңыз

Балаңыз буга чейин теңтуштарынан же интернеттен туура эмес маалымат алган болушу мүмкүн. Сиздин милдет - суроо, угуу, чечемелөө  жана уламыштарды жок кылуу. Эгерде кандайдыр бир суроолор болсо, маалымат ага кандай таасир калтырганын да сураңыз.

Аты кандай болсо ошондой айтыңыз

Жыныстык органдардын биологиялык аталыштары кандай болсо ошондой кылып айтыңыз. КАр кандай сөздөрдү колдонгонду унутуңуз. Баарын кандай болсо, ошондой деп атаңыз: жумурткалар, жыныстык мүчө, вульва, клитор. Ошентип, сиз балага физиологияны үйрөтөсүз, биз кандайча түзүлгөнүбүздү түшүнүүгө жардам бересиз. Бул адамдын өз денесине болгон урмат-сыйын арттырат.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт