Москвага кеткен бойдон келбеген күйөөм баламды алам деп коркутат. Эмне кылам?
Мен 19 жаштамын, турмушка чыккам. Бир балам бар, жакында 5 ай болот. Боюмда барда күйөөм иштегени кеткен бойдон келген эмес. Баламдын фамилиясы атасын атында. Эми болсо "ажырашам" деп жатат. Бирок "балам чоңойгондо алып алам, кандай учуп болсо да" деп мени коркутат. Кантип чара колдонсо болот? Баламды өзүмдүн атыма которуп, сотко берсем болобу?
Жаңыл Алымкул кызы
Юрист
Саламатсызбы!
1) "Баланы өзүмдүн атыма которсом болобу дегенде" анын күбөлүгүнөн атасынын атын алдырып салууну айтып жатасызбы? Эгер, ошондой болсо, анда баланы толук өзүңүздүн эле атыңызга өткөрүү үчүн жолдошуңузду аталык укуктан ажыратыш керек болуп калат.
2) "Баланы талашуу" боюнча, КРнын Үй-бүлө кодексининин 66-беренесине ылайык балага ата-эне бирдей укуктуу. Эгер ал келип баланы "фактически" колуңуздан алып кетип, талаша баштаса сотко кайрылыңыз. Баланын жашаган жерин өзүңүз менен бирге кылып аныктатып алыңыз. Ошондон кийин да келип талашчу болсо, анда жоопкерчиликке тартылат.
Юрист Жаңыл Алымкул кызы менен инстаграмдагы @lawyer.janelle баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.