// //

Москвага кеткен бойдон келбеген күйөөм баламды алам деп коркутат. Эмне кылам?

2022.03.09, 14:42
1436

Мен 19 жаштамын, турмушка чыккам. Бир балам бар, жакында 5 ай болот. Боюмда барда күйөөм иштегени кеткен бойдон келген эмес. Баламдын фамилиясы атасын атында. Эми болсо "ажырашам" деп жатат. Бирок "балам чоңойгондо алып алам, кандай учуп болсо да" деп мени коркутат. Кантип чара колдонсо болот? Баламды өзүмдүн атыма которуп, сотко берсем болобу?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
09.03.2022, 14:44

Жаңыл Алымкул кызы

Юрист

Саламатсызбы!

1) "Баланы өзүмдүн атыма которсом болобу дегенде" анын күбөлүгүнөн атасынын атын алдырып салууну айтып жатасызбы? Эгер, ошондой болсо, анда баланы толук өзүңүздүн эле атыңызга өткөрүү үчүн жолдошуңузду аталык укуктан ажыратыш керек болуп калат.

2) "Баланы талашуу" боюнча, КРнын Үй-бүлө кодексининин 66-беренесине ылайык балага ата-эне бирдей укуктуу. Эгер ал келип баланы "фактически" колуңуздан алып кетип, талаша баштаса сотко кайрылыңыз. Баланын жашаган жерин өзүңүз менен бирге кылып аныктатып алыңыз. Ошондон кийин да келип талашчу болсо, анда жоопкерчиликке тартылат.

Юрист Жаңыл Алымкул кызы менен инстаграмдагы @lawyer.janelle баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт