// //

Апаңарды көзү барда майрамы менен куттуктабасаңар, мендей болуп сыздап каласыңар

2022.03.08, 16:26
9161

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет апаңарды көзү барда сыйлагыла деп сөзүн баштаган жигиттин катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Мен келдим апа. Майрамың менен. Апа сени сагындым. Аябай сагындым. Эч ким менен сизчелик сырдаша албай бук болуп кеттим. Апоу...

Сыртка кофтачан чыксам "үшүйсүң" дечү киши жок. Чай ичпей сабакка кетсем "курсагың ачат" дечү киши жок. Оорусам "айттым беле" деп урушчу киши жок. Апа, мелдештен уткан медалымды көргөзчү киши жок. Апа, мени үйдө күтчү киши жок. 

Баса, тиги курбуңуз Сапаш эже жоголгон уюн тапты. Билесизби, чогуу издебедик беле. Ошондо дагы мени үйгө чай ичкени кетире албай убара болгонсуз. Уюбу? Аны бир байке алып келип берди. Адашып сарайына кирип кетиптир.  

Апа, сени сагындым. 8-мартта сага открытка берчү эмес белем, билесиңби? Ошолорду баягыда таап алдым. Баарын чогултуп жүргөнүңдү билген эмесмин. Апоу...

Сенин жакшы көргөн гүлүңдү алып келдим. Жактыбы? Колумбу? Гүлдүн тикени тытып кетти, кабатыр болбой эле кой, ооруган жок. 

Билесиңби, бир жолу ысык чайымды бутуңа төгүп алгам. Ошондо урушат деп күтсөм бакырган жоксуң, эч нерсе болбогонун айтып башымдан сыладың эле. Эртеси аксап жүргөнүңдү көрүп, чыдай албай таенеме качып кеткем. Мени кечке издегениңди кайдан билдим. Кечирип кой, апа...

А мен дале үйлөнө элекмин. Болочок келиниңизге эч эле жолуга албай койдум. Үйлөнгүм деле келбейт. Макул, апа антип айтпайм. Болгону келинчегиме ким ак жоолук салып тосуп алат. Ким балдарымды эркелетет, апа...

Апоу... Апоу... Апоуууу...

Майрамың менен. Сени куттуктаганы мазарга келем деп эч ойлогон эмесмин. Эмнеге апа, эмнеге апа... Эч эле түшүнө албай койдум.

Базарга барганды сагындым. Күлбө, чын. Мага эки пакетти көтөртүп коюп кечке кыдырат элең го. Кызмат акыма балмуздак алып берип койчусуң. Азыр өзүм барып балмуздак алып жейм, даамы башкача апа...

Билбей таарынтып алсам, көңүлүңдү оорутсам, акмак уулуңду кечирип кой апа. Түндө башыма сенин күрмөңдү жазданып жатам. Билесиңби, баягы боз күрмөң, экөөбүз боорсок жасап жатып чөнтөгүн күйгүзүп алган. Жыты ошол бойдон, жыттап, жыттап уктап калам. Жыты түгөнсө кантем апа...

Кечээ төшөктөрүңдү сыртка алып чыгып жайдым. Кара туш кийизди күбө жеп коюптур, капа болбо, таенеме алып барып койдум, тигип оңдоп коерун айтты. 

Макул, макул, апа, азыр кетем. Кичине отура турайынчы. Ар дайым үшүйсүң деп кетиргенге шашасыз. Бүгүн майрам, баары апаларынын жанында болот, мен дагы сиз менен отуруп турайын. Апоу...

Апа, сенин үстүңдө жаткан кара топуракты жек көрөм.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Бир күйөө врачтан уруксат сурап аялы операциядан чыккыча колун кармап турду

Абысынымдын баласынын бир сөзү, күйөөм экөөбүздүн оозубузду жапты

"Мачо" жигитти эмес, “нитороок” мени тандаган кызга жетким келет

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт