// //

Кызым "өзүм билем" деп неберелерими туура эмес тарбиялап жатат. Эмне кылам?

2022.03.07, 12:41
8539

Таене кызы небересин туура эмес тарбиялап жатканын байкайт: түнү менен жүрсө дагы унчукпайт, алтургай татуировка жасатууга уруксат берет. Таене неберелерин тарбиялоо процессине кийлигишүүсү керекпи же баарын балдардын апасы өзү чечкени жакшыбы? Келгиле, психолог Екатерина Сиванова менен бирге аныктап көрөлү.

Суроо

Менимче кызым менен күйөө балам неберелеримди туура эмес тарбиялап жатышат. Апасы он төрт жаштагы небереме каалаганын жасоого уруксат берет. Анын эки татуировкасы жана пирсинги бар. Кичүү неберем 9 жашта, дайыма компьютерде отурат, сэндвич гана жейт. Экөө тең ата-энесине орой мамиле жасашат. Ата-энеси буга көңүл бурушпайт окшойт. Менин тарбия иштерине катышууга жасалган аракетим чыр-чатакка алып келет. Кызым "балдарымды кандай тарбиялашты өзүм билем" дейт. Бирок неберелердин тарбиясында чоң көйгөй бар экенин көрүп турам. Айткылачы, эмне кылышым керек?

Жооп

Бул жерде ар кимди өз ордуна коюу абдан маанилүү деп ойлойм. Өзүңүзгө, сиз сүрөттөгөн кырдаалда ким кимге ким болорун жооп бериңиз. Байкасам, төрт адамдан турган үй-бүлө бар: апасы, атасы, 14 жаштагы өспүрүм кызы жана 9 жаштагы уулу. Бул өзүнүн мыйзамдары жана эрежелери менен жашаган жабык система. Ага эч ким таасир эте албайт жана таасир этпеши керек. Ата-эне гана балдарын кандай тарбиялоону, эмнеге уруксат жана эмнеге тыюу салууну тандай алат.

Ата-энелер балдарын тарбиялоо боюнча өз милдеттерин аткарбаган учурларда (мисалы, балдар мектепке барбаса, ачка калса, жашаган жери жок болсо, асоциалдык жашоо боразын жүргүзсө)  камкордук жана көзөмөлчүлүк органдары кийлигишет.

Неберелериңиздин кандай жашап жатканын ойлоп тынчсызданып жатканыңызды көрүп турам. Бирок неберелериңиз кызыңыздын балдары. Демек, сиз кызыңызды кандай тарбияласаңыз, ал балдарын так ошондой тарбиялап жатат. Мен кызыңызга жашоосуна, муктаждыктарына, кызыгууларына жана хоббилерине көңүл бурууну сунуштайт элем.

Эгер түздөн-түз кийлигишүүнүн кереги жок болсо, анткени сиздин кызыңыз жана неберелериңиз менен мамилени бузуу коркунучу бар болсо, анда кырдаалды өзгөртүү мүмкүн эмеспи? Бул жагынан алып караганда, мүмкүн эмес. Бирок сиз балдардын ата-энесин сындабай, неберелериңизди кандай болсо ошондой кабыл алып, алар менен тажрыйбаңыз, билимиңиз менен бөлүшө турган адам боло аласыз.

Сиз неберелериңиздин жашоосунда кандай роль ойношуңуз керек? Кам көрүү менен кийлигишүүнүн ортосундагы чек кайда? Ал чекти аныктоо абдан оңой: сиз үй-бүлөнүн чек арасын бузбасаңыз, ал үй-бүлөнүн эрежелерин сыйласаңыз, анда баары өз ордунда болот.

Компьютердик оюндар кичүү небереңиздин жашоосун толугу менен ээлеп  учурларда эмне кылуу керек? Ага зыян келтирбей, аны реалдуу жашоого чыгарууга болобу? Болушу мүмкүн. Балдар виртуалдык жашоого реалдуулук менен байланыш өтө кыйын же бузулганда кирип кетет. Сиз небереңиз менен  жашооңуздагы окуяларды бөлүшө аласыз, окуган китептериңиз жөнүндө сүйлөшө аласыз, аны менен музейлерге, театрларга алып барып, кино көрө аласыз. Мисалы, менин апам балдарыма мектепке чейин классикалык адабияттын баарын  жомок түрүндө айтып берчү.

9 жашында сэндвич гана жегенге көнүп калган баланын диетасын кантип  өзгөртүүгө болот? Кимдир бирөө балага сендвич жасап берип, ага ошондой тамактанганды үйрөткөн, туурабы? Бул жерде ошону жасаган адам өзүнүн тамактануу образын өзгөртүшү  керек. Ошондо балада туура тамактануудан башка тандоо болбойт.

Өспүрүм ата-энесин сыйлабаса, анын жүрүм-турумун кантип оңдоого болот?
Бул жерде баары жөнөкөй жана ошол эле учурда абдан кыйын: балдар менен сүйлөшүү керек.

Пайдалуу маалымат mel.fm сайтынан алынды. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт