Жигитим менен кошулуп койдум...
Мен 20 жаштамын жигитим экөөбүз жакын мамиледе ( кошулуп ) болуп койдук. Бул нерсени эч кимге айта албай кыйналып жүрөм. Жигитимдин апасы менен телефон аркылуу сүйлөшсөм, 5-6 ай кое тургула, күзүндө баш кошосуңар деди. Ойлоно берип депрессияга учурап калдым, эмне кылсам болот?
Гүлмира Молдокулова
психолог
Сиз берген суроо бул өтө өздүк суроо болуп эсептелинет. Жалпылап жооп берүүгө дагы болбойт, анткени сиз депрессиялык абалда болгондуктан кандай чечим чыгарып саласыз аны эч ким билбейт. Мисалы сиз жигитиңиз жөнүндө эч нерсе дагы айтпапсыз, анын бул маселеге оюу, мамилеси кандай экендигин. Мен болушунча суроого жооп кылганга аракет кылайын сиз өзүңүз дагы ойлонуп же психологго кайрылып жардам сурап көрөөрсүз.
Мен сизди түшүнүп турам, ошол ойду, мамилени закондоштурууну өтө маанилүү жана туура деп эсептейм. Бирок сиз жазбапсыз жигитиңиз кандай, бул тууралуу анын оюу кандай, эмне сунуштарды кылды. Бул маселе чечилбей жатканына караганда ал жигит чечим алгандан качып жатышы дагы мүмкүн, ошондуктан менин айтаарым аны менен ачык cүйлөшүш керек. Биринчиден, ага өзүңүздүн сарсана болуп жатканыңызды, кандай сезимде болуп жүргөнүңүздү билдиришиңиз абзел. Мен өзүмдү сыйлайм мага мурункудай эркин мамиле жарабайт, ачык сүйлөшүп алалы деп айтуу керек. Экинчиден, жигитиңизден өзүнүн оюн, максатын так, даана айтып берүүсүн сураңыз. Анткени аял киши үчүн маанилүү нерсе мамиленин ичиндеги аныктык, тактык. Билип турам мындай сөздөрдү баштоо үчүн өтө чоң эрдик керек, бирок ойлонуп көрсөңүз күн сайын бул сөздү айта албай жүрө берсеңиз аныксыз жашап депрессияңыз күчөп кете берет. Мен сизге айтаарым бул көйгөй менен жалгыз калбай мүмкүнчүлүк болсо ачылып, жакын, ишенимдүү адамыңызга айтып же психологдун жардамына кайрылсаңыз.