// //

Таштап кеткен апамды көргүм келбейт, жүрөгүм жылыбайт. Эмне кылсам болот?

2022.03.06, 09:56
10609

Саламатсызбы! Мен 3-класс кезимде апам эжемдерге таштап кеткен. Ошол күндөн баштап атамдын мээримин көрдүм, атам бакты. Апамды сагынып, келиңиз деп канча ыйладым.

Азыр 19 жаштамын. Жакында эле атам ооруп каза болду. Апамды келиңиз десек келбей койгон. Атам каза болгондон кийин келди. Келгени менен эч эле жүрөгүм жылыбайт. Көргүм келбейт апамды. Айтышып уруша берем. Эмне кылсам болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
06.03.2022, 10:09

Айдана Мадишова 

Психолог 

Кутман күнүңүз менен! 
Ар бир бала ата-эне мээримин көрүп чоңоюуга муктаж. Ата-эне ажырашкан болсо да балдар ата-эненин мээримин көрүүсү керек. Ал эми сиздин апаңыз сизди кичинекей кезиңизде таштап кетиптир. Бул учурда кыздар үчүн эне мээрими, колдоосу, акыл-насааты чоң ролду ойнойт. Ошондуктан сиздин азыркы учурдагы апаңызга болгон мамилеңизди түшүнүп турамын. Таарынычыңыз узак убакыттын ичинде жек көрүүгө айланып кеткен да болушу мүмкүн.

Бул учурда мен мындай кеңеш берет элем:

Өз капачылыктарыңызды апаңызга айтып алыңыз. Кандай кыйынчылыктар болду жашоонузда, эмнеден көбүрөөк тычсыздандыңыз. Бул нерсени айтуу маанилүү.

Андан соң өткөн менен коштошуп, өз жашооңузду кантип жакшырта аласыз, ушул нерсе жөнүндө ой жүгүртүп көрүңүз.

Эгер апаңызды жакшы көрүп, ага жакын болуу кыйын болуп жатса, алыстан мамиле кылып, жакын болуу үчүн өзүңүздү кыйнабаңыз. Апаңыз менен кандай мамиле сизге ыңгайлуу болсо ошондой мамиле кылыңыз.

Азыркы учурда 19 жашта экенсиз. Бул учурда ар бир адамда жашоого жаңы кадамдар ташталат. Чөйрө чоңоюп, жаңы дос-курбулар көбөйөт. Ошондуктан чөйрөңүзгө да көңүл бурганга аракет кылыңыз. Көп учурда жакын дос курбулар менен сүйлөшүү, сейилдөө позитивдуу эмоцияларды алып келет.
Эгер кыйынчылыктар каттуу тынчсыздандырып жатса психологго кайрылып, профессионалдык жардам алып көрүңүз. 

Психолог Айдана Мадишова менен @insight.aidana баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт