// //

"Жеп бүтмөйүн ордуңан турбайсың!" Балаңызга ушинтсеңиз, сөзсүз муну окуңуз

2022.03.04, 13:52
8481

Балаңызга тамак берип жатканда минтип коркутасызбы: таттуу көп жесең ичиң ооруйт, тамакты ысык ичүү керек, суюк шорпо ичпесең гастрит болосуң, кургак жесең какайсың ж.б. Бул мифтерге медицина эмне дейт? Алардын ар бирин DocDeti клиникасынын балдар гастроэнтерологу Ольга Горячева талдап берди. 

Кургак тамак жебе, ашказаныңды бузасың!

"Тамактануу учурунда суу ичүү ашказандын сезгенүүсүн козгойт", "табитти азайтат", "ашказан ширесин суюлтат", "кычкылдуулугун азайтат", "рак оорусун козгойт", "суу тамактын туура сиңирилишине тоскоол болот" жана башка көптөгөн мифтер бар.

Чынында, кааласаңыз, тамак менен суюктук ичсеңиз болот. Бул катуу тамактарды жутуу учурунда балдар үчүн пайдалуу. Бирок бала каалабаса суюктук ичирүүгө мажбурлабап, кыстабаш керек. Болгону эң мыкты суусундук таттуу компоттор, ширелер же жемиш суусундуктары эмес, суу экенин эстен чыгарбаңыз. Анан дагы тамакты кылдат чайнап, жай жегенде кургак болбойт. 

"Шорпо ичпесең ашказаның ооруйт"

Тамактануу боюнча сунуштарда күнүмдүк рационуңузга шорпону киргизүү боюнча эч кандай кеңештер жок. Бирок, балаңыз шорпону жакшы көрсө, иче берсин, эч ким каршы эмес. Болгону, шорпо чайнаганга жана жутканга оңой. Ал эми чоң энелерибиздин “күнүнө бир жолу шорпо болушу керек” деген эрежесинин илимий негизи жок.

Эгерде балдар жөнүндө сөз кыла турган болсок, анда алар үчүн энергияны калория менен толуктоо өзгөчө маанилүү экенин унутпашыбыз керек. Ошол эле учурда шорподон катуу тамактардагыдай энергияны алуу үчүн аны көбүрөөк жеш керек болот.

Шорпонун негизги артыкчылыгы – ооруп жатканда, табити тартпай калганда, балага башка суусундук берүүгө мүмкүн болбогондо жесе болот. Айыктыруучу шорпонун сыры мына ушунда.

"Жеп бүтмөйүн ордуңан турбайсың"

Балага тамакты мажбурлап жедирип, каалабаса дагы оозуна тыгуу бул эки себепке алып келиши мүмкүн: семирүү жана анорексия. Ошол эле учурда, кээде түшкү тамактын ордуна десерт берип койсоңуз, ашказан-ичеги-карын ооруларына эч кандай таасирин тийгизбейт. Демек, балаңызды кыйнабаңыз. Эгерде тамактын көлөмү ашказандын көлөмүнөн ашып кетсе физикалык жана психологиялык жактан көйгөйлөр пайда болушу мүмкүн.

"Тамак муздап кала электе же"

"Тамакты жылуу эмес, ысык жеш керек" деге кепке дагы эле көптөгөн ата-энелер ишенет. Ысык тамактын  “ашказанга өзгөчө пайдасы” барбы?

Рак оорусун изилдөө боюнча эл аралык агенттиктин маалыматтары 65 градустан жогору температурадагы суюктуктарды ичүү кызыл өңгөчтүн рагынын өнүгүшүнө алып келиши мүмкүн экенин көрсөтүп турат. Ошондуктан, өтө ысык тамакты жеш күмөндүү сунуш. Андыктан, бул ишеним дагы миф болуп саналат.

"Нан менен, нан менен же"

Нандын негизги сапаты – токчулук, ал закуска үчүн идеалдуу. Эгерде балаңыз шорпо менен нан жесе, анда нан керектүү энергетикалык баалуулукту жаратат. Бирок кемчиликтери да бар: булочкада кант көп болот (аны 2 жашка чейинки балдарга такыр бербеш керек), көбүнчө нандын курамында туз бар болсо (ченемдүүлүктү унутпаңыз жана аны бир жашка чейинки балдарга бербеңиз), кээде курамында сүт дагы болушу мүмкүн (уйдун белок сүтүнө аллергиясы барларга болбойт).

Демек, эгерде сиз нан азыктарын балаңыздын рационуна киргизгиңиз келсе, анда курамын кунт коюп окуп чыгыңыз жана катуу күкүмдөр, сухариктер жана крекер какатып, тамакта калып калса муунуп калуу коркунучунан улам кооптуу экенин унутпаңыз. 

Маалымат бул жерден алынды. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт