// //

Кайын эне, кайын атам менен чогу жашагым келбейт. Кандай кылсам болот?

2022.03.03, 11:15
9242

Саламатсызбы! Турмушка чыкканыма 7 жыл болду. Жаңы үйлөнгөндө эки жылдай кайын эне, кайын ата менен жашадык. Бизге аябай кийлигишчү, күйөөм экөөбүздү уруштурушчу, көңүлүмдү калтырган сөздөрдү айтышчу. Балам төрөлгөндө чыдай ажырашалы же бөлүнөлү дедим. Бөлүнүп уруш-талашы жок жакшы жашап калдык. 

Эми кайра чогу жашайбыз деп жатышат. Менин болсо жашагым келбейт. Катуу көңүлүмдү калтырышкан. Ичимде кегим бар. Күйөөм менен ажырашкым дагы келбейт. Өзүмдү кыйнап, чыдап дагы жашагым келбейт. Кандай кылсам болот?

Чогуу жашайбыз дегенди уккандан бери ичимден кыйналып, нерв болуп жатам. Учурда боюмда бар, иштеп дагы кете албайм.

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
03.03.2022, 11:30

Айдана Мадишова

Психолог

Урматтуу окурман, сиз туура ой-жүгүртүп жатасыз, өзүңүздү кыйнап, чыдап жашоонун кереги жок! Эгер бирге жашоо жалгыз чечим болсо, ал жерде өзүңүзгө ыңгайлуу, кызыктуу, жеңил жашоо курганга аракет кылыңыз.

Ал эми кайын эне, кайын ата менен болгон меселеге келсек, өткөн таарынычтар тынчсыздандырып, алардын кайталанышынан коркуп жаткан болушуңуз мүкүн. Бул учурда жолдошуңуздун жардамы менен үй-бүлөлү чогулуш жасап, капачылыктарыңызды ачык, сөз менен айтып алыңыз. Андан сырткары, өз чегиңизди чектеп, мындан ары жашооңузга кийлигишүүсүнө жол бербей турганыңызды билдириңиз.

Үй-бүлө мүчөлөрү менен сүйлөшүү жолу аркылуу өз каалоолоруңузду түшүндүргөнгө аракет кылыңыз. Аларды сыйлап, жана алардан да сизди сыйлоосун талап кылыңыз.

Сизге бакыт каалайм!

Психолог Айдана Мадишова менен @insight.aidana баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт