// //

Аялым эмнеге шашып жүрчү экенин билген соң буулугуп ыйладым

2022.03.02, 15:53
41163

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз. Башкы беттеги сүрөттүн окуяга тиешеси жок. 

Айпери (жубайым) менин классташым. Шайыр, бир орунда тура албаган активист. Качан сүйүп калганым эсимде жок, бирок ал дегенде денемди кара тер басып, акылымдан адашып калаар элем. Азыр да сүйөм...

Түнү менен кино көрүп, эртең менен уктап калыпмын. Жуунуп-жуунбай сабакка чуркап баратсам, алдыман Айпери чыкты. Көздөрү кызарган, шишиген. "Жүр бүгүн сабакка барбай эле коебуз",-деди. Дароо макул болдум. Айылдын ары жагындагы сайга жөнөдүк. 

Кечке чейин сүйлөшүп олтурдук. Аягында, "мен жакында алыс жакка кетем"- дедиң. Коркуп кетип, "менчи", - деп кантип айтканымды билбей калдым. Экөөбүз тең күлүп жибердик. Ошондо сезимдеримди ачыкка чыгардым. Мүмкүн ал күнү жолукпасак, биринчи сүйүүм бойдон калмаксың. А мен башкага үйлөнмөкмүн...

2-курста баш коштук. Сунушума дароо макул болгонуңа таң калдым. Дайым шашып жүрчүсүң. Бир нерсеге жетишпей калчудай коркчусуң. 

Ата-энебиздин каршы болгонуна карабай (жашсыңар, окууңарды бүткүлө жана башка) баш кошуп алдык. Окуумду сырткы бөлүмгө которуп, дүкөнгө жүк түшүргүч болуп жумушка орноштум. 2 кыздуу болдук. Бактылуу болуш үчүн заңыраган үйдүн, акчанын, машинанын кереги жок экенин сага үйлөнгөндөн кийин билдим. 

Жумуштан жаңы эле келгем. Көздөрүң кудум баягыдай шишип, кызарып калыптыр. "Мен алыс жакка кетип жатам",-дедиң. Түшүнгөн жокмун. Эмне болгонун сурадым. Ошондо айыкпас дартың бар экенин айттың. Эшикке кандай чыкканымды билбейм. Жөө басып кете берип, шаар четине жетип калыпмын.

Күн сайын көргөзбөй ыйлайм. Үйдөн качып калдым. Сени көргүм келбейт...

Көп өтпөй бизди таштап кеттиң. Палатадан, "Мурат, кечирип кой, жетишпей калдым, уулубузду өзүм менен алып кетип жатам",-дедиң. Ошондо кош бойлуу экениңди билдим.

Канча күн ичкенимди билбейм. Көзүмдү ачсам бейтапканада жатыпмын. Атам жанымда экен. Колумдан кармап, "Уулум, өзүмчүл болбо, кыздарың кыйналып кетти",-деди. 

Сүрөтүң менен жашаганыма 6 жыл болду. Кыздарыбыз акылдуу болуп чоңоюп жатат. Сендей активист. Сенсиз жашоомду гүлгө айланткан ошол экөө. 

"Жашсың, үйлөн!" дегендер толтура. А мен дале болсо сени сүйөм. Анан да, кыздарымды башка бирөөгө кор кылгым келбейт. Мыкты ата болгонго аракет жасап келем, колумдан келип жатабы же жокпу, кийин кыздарым чоңойгондо айтат.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Бир күйөө врачтан уруксат сурап аялы операциядан чыккыча колун кармап турду

Абысынымдын баласынын бир сөзү, күйөөм экөөбүздүн оозубузду жапты

"Мачо" жигитти эмес, “нитороок” мени тандаган кызга жетким келет

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт