// //

Кыз баланын жыныс кынына дагы сөөл чыгабы?

2022.03.01, 10:38
4815

Саламатсызбы! Мен гинеколоulон кеңеш сурайын дегем. Кыз баланын интимдик жагына (мүчөсүнө) сөөл чыгабы? Кокусунан байкап калдым, катуу болуп агарып турат сөөлгө окшоп. Башында угри окшойт деп ойлогом, андай эмес экен. Мурда колума чыккан болчу. Молдого окутуп жок кылганбыз. Эмне кылуу керек, кантип айыктырса болот? Жана да бул эмнеден улам келип чыгышы мүмкүн? Терс таасирин тийгизбейби? Тынчым жоголду, ушул нерсени ойлоп. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
01.03.2022, 10:46

Жамиля Сагинова

Гинеколог-эндокринолог

Саламатсызбы!

Бул нерсени "кондиломы" деп коет, же жыныстык сөөл. Иммунитеттин төмөндөшүнөн жана вирус инфекциясын жуктуруп алгандан пайда болот. Адатта жыныстык жашоо менен жашаган же петтинг кылган айымдарда кездешет. Инфекция өнөктөштөрдөн, күйөөлөрдөн жугат. Сиздин учурда, эгер сиз жыныстык жашоо менен жашабасаңыз, анда бул вирусту жуктурган башка адамдардын жеке гигиеналык буюмдарды колдонуп жуктуруп алган болушуңуз мүмкүн. Самын: самын, сүлгү, ич кийим, мочалки ж.б. Дарылоо вируска каршы дарыларды ичүүдөн же аны салып салуудан турат. Алгач чындап эле кондиломалар экенин адис карап, аныкташы керек. Бул үчүн гинекологго барыңыз. 

Ден соолукта болуңуз!

Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова менен инстаграмдагы @doktor.saginova баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт