// //

Кайын энем мындай дебесе бул үйдө “служанка” болуп калмакмын

2022.02.27, 19:41
14175

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз. Башкы беттеги сүрөттүн окуяга тиешеси жок. 

Кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөндө мындан жакшы жигит жок дечүмүн. Ага курбуларымдын баары суктанчу. Чогу иштеген эжелер колдон чыгарбай турмушка чыгып алышымды айтышчу. Албетте Азаматтын кылган мамилеси мага да жакчу. Ага турмушка чыксам өмүр бою бактылуу болуп өтөм дечүмүн. 

Күткөн күн келип, биз баш коштук. Эки тарап биригип дүңгүрөтүп той беришти. Турцияга эс алууга жолдомо, авто унаа белек кылышты. Баары биз жөнүндө сүйлөп, каалоо-тилектерин айтып жатышты. Ал учурда менден өткөн бактылуу кыз жоктой сезилди. 

Үйдө кайын энем, кайын атам, эки кайним, эки кайын сиңдим болуп чогу турабыз. Эртең менен тургандан жатканга чейин оокаттан колум бошобойт. Чай берип жумушка, оокууга узатам, кайра ар биринин келген маалына ылайыктап чай даярдайм. Тамак жасайм. Баары тең бул менин гана милдетим катары көрүп жардам беришпейт. 

Анан да тамактанып бүткөндөн кийин, туруп-туруп кетип калышкандарычы. Бир ооз жардам сурасаң “эмкисин, азыр сабагыбыз бар” деп кутулушат. 

Ортодон үч ай өткөндө арыктап, жүдөй түштүм. Эртең менен тургум келбей жатып турам. Урушкум келип, урунаарга тоо таппай калдым. Жолдошума дагы жакшы көңүл бура албайм. Тажадым… Ээптеп эки күн чыдасам апамкына эс алганы кетем.

Чай үстүндө олтурсак кайын энем сөз баштады: 

- Байкасам келин албай эле робот алгандайбыз. Унчукпай койсом жеңеңерди “служанкадай” эле кабыл алып алдыңар. 

- Апа биз деген, эме…

- Эртеңден баштап мурдагыдай режимге түшөсүңөр. Ар кимиңер өзүңөрдүн артыңардан жыйнайсыңар. Бөлмөлөрдү бөлүп бергеним боюнча тазалайсыңар. Тамакты кезектешип жасайсыңар. 

- Апа, мен өзүм деле жасайм тамакты. 

- Жок, сенин кезегин ишемби, жекшемби күнкү кечки тамакты жасоо. Андан көрө бош убакытыңды текке кетирбей курстарды окуп, өзүңдү кара. 

Таңгалдым. Кайын энемди мындай адам деп ойлогон эмесмин. Көрсө апамдын кайын энеси аябай катуу адам болуп, ага күн көрсөтчү эмес экен. Өзүнө “мен мындай болбойм” деп сөз бериптир. 

Азыр баары жакшы. Мага жардам берип, ынтымакта ар бирибиз өз ишибизди кылабыз. Эгер кайын энем унчукпай жүрө берсе бул үйдө "служанка" эле болуп калмакмын. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Бир күйөө врачтан уруксат сурап аялы операциядан чыккыча колун кармап турду

Абысынымдын баласынын бир сөзү, күйөөм экөөбүздүн оозубузду жапты

"Мачо" жигитти эмес, “нитороок” мени тандаган кызга жетким келет

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт