Чоң жигит болсом дагы, ар бир кадамымды апам башкарат. Качып кетсемби?
Саламатсызбы! Мен 22демин. Бул курактагы жаш мырзалар чечкиндүү кадамдарга барышат, өзүлөрү каалаган жашоону курушат. А меники монотондуу, эртеден кечке үй менен жумуштун ортосундамын. Баса, жумушумду дагы ата-энем таап берген.
Ар бир кадамымды апам башкаргандай сезилет. Байкелерим өзүлөрүнчө жүрүшөт. Мен болсо чечкинсизмин. Апамды кыя албайм, боорум ооруй, кайра ачуум келет. Апам колумдан эч нерсе келбей турганын айтат. Бирок, карыздары келгенде башка уулдарынан жогору турам. Ичимде эмне болуп жатканы менен эч кимдин иши жок.
Жашоодон тажадым. Эч кимди көргүм келбейт. Жалгыздыкка сүңгүп кетким келет. Апама, бир туугандарыма ушунчалык жиним келет. Эмне үчүн мени алсыз көрүшөт? Аларды аяп жүрүп өзүмдү жок кылып аламбы? Киндигимди кесип качып кетким келет. Бирок, электр акысын, карыздарды, ойлой берем.
Байкелерим иштейт, бирок жардам бербейт. Апам аларга сүйлөй албайт. Окуп, үй алып, келечегимди курарымды айтып, максаттарым менен бөлүшсөм, колумдан келбей турганын айтышат. Мени ким түшүнөт?
Асель Баимбетова
Психолог
Кутмандуу күнүңүз менен!
Тилекке каршы, мындай учурлар көп кездешет. Айталы, эне баласынын бирөөсүнө байланып, аны өзүнө көз каранды кылып, коркуу сезимин орнотуп коет. Ансыз жашай албасын, ар дайым жардамына муктаж экенин көрсөтөт. Мындайча айтканда, жалгыз калгандан коркуп, баласында кемчилик копмлексин жаратат. Мисалы, сиз апаңызды жалгыз калтыра албай өзүңүздү күнөөлүү сезесиз, жашооңузду курмандыкка чаласыз.
Бой жетип, бул нерсенин бааарын түшүнүп баштаганыңыз эң жакшы. Көйгөйдү туугандарыңыз менен талкуулаңыз, алар дагы апасына кам көрүшсүн. Ошондой эле, алар минтти же тигинти деп даттана бербей, пландарыңызды, каалоолоруңузду ачык айтып, өз жолуңузду тандаңыз.
Жашсыз, жашооңуз али алдыда. Башкалар сыяктуу эле сизде дагы тандоо укугу бар экенин унутпаңыз. План куруп, кыялдарыңызды ишке ашырганыңыз, апаңызга чыккынчылык кылуу эмес экенин түшүнүңүз. Апаңыздын жашоосу башка, сиздики башка.
Апаңыздан бөлүнгөнүңүз аны таштап кеткениңизди же жаман көрүнүңүздү билдирбейт. Апаңызга убакыт бөлүп, ошол эле убакта өз жашооңузду дагы унутпагандай болуңуз. Тактап айтканда, экөөнүн ортосунда балансты тапканга аракет кылыңыз.
Бактылуу болуңуз!
Психолог Асель Баимбетова менен инстаграмдагы @psihologiya_kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.