// //

Кокустан ата же апа болгуңуз келбесе, контрацепциянын бул 5 түрүн колдонуңуз

2022.02.24, 09:47
5585

Бүгүнкү күндө контрацепциянын толтура түрлөрү бар. Алардын кээ бирлери күтүүсүз кош бойлуулуктан гана эмес, жыныстык жол менен жугуучу инфекциялардан дагы коргойт. Акушер-гинеколог Раушан Джумагулова контрацепция тандап жатканда сөзсүз адистен кеңеш алуу керектигин айтып, бир канча варианттарын сунуштады.  

Презерватив

Контрацепциянын бул ыкмасы колдонууга оңой, жаныңызда алып жүрүүгө ыңгайлуу, күтүүсүз кош бойлуулуктан гана эмес, жыныстык жол менен жугуучу инфекциялардан коргойт. Көпчүлүк презервативди эркектер үчүн гана деп ойлошот, бирок аялдар  үчүн дагы түрлөрү бар. Эркектердин презервативдери эрекция учурунда жыныс мүчөгө кийгизилсе, аялдын презервативи жыныстык катнаштын алдында кындын ичине киргизилет.

Бойго бүтүрбөөчү таблетка

Күнүнө бир жолу кабыл алынган кичинекей таблетка. Таблеткалардын бир нече түрлөрү бар, андыктан өзүңүз үчүн ылайыктуусун табышыңыз керек. Бул үчүн гинеколог менен кеңешүү зарыл. Себеби гормоналдык таблеткаларды өз алдынча колдонууга тыяюу салынат. Эң маанилүү эрежеси, таблетканы өз убагында калтырбай ичип турушуңуз керек, болбосо бойго бүтүп калат.  

Жатын ичине салынуучу спираль

Айымдар арасында көп колдонулган контрацепция түрү. Түрүнө жараша 3 жылдан 10 жылга чейинки убакытка салынат. Эмчек эмизүүгө таасирин тийгизбейт. Алып салган соң, бойго бүтүү жөндөмдүүлүгү тез арада калыбына келет. Ошондой эле спиралды төрөттөн 10 мүнөт өткөндөн кийин же 48 сааттын ичинде дагы салдырса болот. 

Чукул контрацепция

Чукул контрацепция, бардык айымдар үчүн коопсуз, айталы, аялдын ден соолугуна коркунуч туудурбайт, тукумсуздукка алып келбейт. Корголбогон жыныстык катнаштан кийин 5 күндүн ичинде ичүү керек. Канчалык кеч ичсе ошончолук бойго бүтүп калуу коркунучу жогорулайт.

Контрацептивдик имплант

Имплант таякчалары ийининдин ички үстүнкү бөлүгүнүн терисинин  астына салынат. Каалабаган кош бойлуулуктан  99%га коргоо кепилдигин берет. Күн сайын кам көрүүгө муктаж эмес, бир жылда эки жолу гинекологго барып текшертип коюу керек. Таасири орто эсеп менен алганда, 3,5 жылга чейин созулат.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт