Күйөөм мурдагыдай эркелетпей калды. Эмне кылсам болот?
Саламатсызбы! Эки жыл мурун турмушка чыккам. Бир балам бар, жолдошум экөөбүз көп урушабыз. Жолдошум жакшы, ичпейт, аракетчил, болгону бири-бирибизди түшүнбөйбүз. Сүйүшүп баш кошонбуз. Балалуу болуп бактылуу эле жашачубуз. Уруштун себеби: такыр мага көңүл бөлбөйт, сүйлөшпөйт. Өзүм жакшы мамиле кылайын дейм, бирок арданам, мени жактырбай өзүн көтөрүп алат. Башкача болуп өзгөрүп кетти. Башында сүйөөрүн көп айтчу, эркелетип турчу, азыр такыр башкача. Өзүмдү керексиз сезем. Кетем десем "өзүңдүн чечимиң кете бер" дейт. Жолдошумду аябай жакшы көрөм. Бир күн көрбөсөм кыйналып кетем. Ызаланып ажырашкым келет, бирок дагы боюмда бар. Балам бирге чыга элек. Кыйналып кеттим. Балдарым деп жашасам, өзүм бактысыз болуп калчудаймын.
Асель Баимбетова
Психолог
Кутмандуу күнүңүз менен!
Жашоо бир орунда турбайт. Анын сыңарындай, башкалар сыяктуу эле үй-бүлө дагы өсүп-өнүгөт. Мурда аялы менен күйөөсү элеңер, эми балаңар бар, ата-эне деген жаңы статуска ээ болдуңар. Мындай учурда, сөзсүз түрдө жолдошуңуз экөөңөрдүн ортоңордогу мамиле өзгөрөт, жаңы нукка бурулат. Албетте, бул оңой процесс эмес, ар бир үй-бүлө үчүн кыйын.
Учурда кош бойлуу экенсиз. Эми үч эмес төртөө болосуңар. Үй-бүлө өсүп-өнүккөн сайын мүчөлөрү ортосундагы статус, мамиле алмашат. Бул учурда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, түшүнүктүү болууга аракет кылып, бири-бириңерге ыктап, тил тапканды үйрөнүшүңөр керек. Күн сайын изденип, аракет кылгыла. Эгер “мени дагы сүй” деп жаш баланын позициясын карманып тура берсеңиз, конфликт пайда болуп, аягы ажырашууга алып барат. Колуңардан келбей жатса, чогуу психологго барып кеңеш алгыла.
Бактылуу болуңуз!
Психолог Асель Баимбетова менен инстаграмдагы @psihologiya_kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.