// //

Бул белгилер сизде жыныс инфекциялары бар экенин билдирет

2022.02.23, 11:01
11819

Жыныстык жол менен жугуучу оорулардын ачык белгилери жок. Ошон үчүн көпчүлүк аны жуктуруп алганын билбей, өтүшүп кеткенге чейин жүрө беришет.

Бар же жок экенин билүү үчүн анализ тапшырышыңыз керек. Ал үчүн алгач урологго же гинекологго барасыз. Инфекциядан арылуу үчүн дарылоону кечиктирбестен баштап, аны аягына чейин чыгуу зарыл.

Төмөндөн жыныстык жол менен жугуучу оорулардын айрымдарынын белгилери кандай экенин байкаңыз.

ГОНОРЕЯ

Эркектерде: Оору жуккандан эки-үч күндөн бир жумага чейинки убакыт аралыгында байкалат. Кычыштырат, ачыштырат, тез-тез заара ушаткысы келет. Ачык белгилеринен жыныс мүчөдөн көгүш түстөгү ириң суюктугу ага баштайт.

Аялдарда: Оорунун симптомдору 2-3 жумага чейин байкалбайт. Жыныс кынынан ириң суюктугу бөлүнүп чыгат, ичтин төмөн жагы, бел оорутат, бат-бат заара кылат жана дене табынын көтөрүлүшү байкалат.

ХЛАМИДИОЗ

Аялдарда: Алгач жатын моюнчасын жана заара чыгаруучу каналды жабыркатат. Суюктук бөлүнүп чыгат, заара чыгарууда оорутат же ыңгайсыздык жаратат, ичтин ылдый жагы жана бел ооруйт. Кээде жүрөк айланат жана жеңил температура болушу мүмкүн. Жыныстык катнаш учурунда оорутат. Акт бүткөндөн кийин кан агуу байкалат.

Эркектерде: Жыныс мүчөдөн суюуктук агып чыгат, заара чыгарууда оорутат же ыңгайсыздык жаратат. Мүчөнүн башы ачыштырат, кычыштырат. Сейрек учурда жумурткалар ооруп жана шишип калышы мүмкүн.

ТРИХОМОНИАЗ

Аялдарда: Көбүктүү сары-жашыл суюктук келет, жыныс органдардын былжыр чели сезгенет. Заара ушатууда ачыштырат, оорутат. Ал эми жыныстык катнаш учурунда чыдаткыс болуп катуу оорутат. Этек кир дагы оорууту менен коштолот.

Эркектерде: Ириңдүү суюктук келет, жыныстык катнаш учурунда ар дайым ачыштырат. Заара чыгарууда ыңгайсыздык пайда болот.

ВИЧ

Көпчүлүк ВИЧти жуктуруп алганын билишпейт. Вирус организмде ондогон жылдар бою эч кандай клиникалык көрүнүштөрсүз жүрүшү мүмкүн. Кээде жуктуруп алгандан кийин дароо суук тийгендей же аллергия сымал белгилер болот. Айталы дене табы жогорулап, тамак ооруп ж.б. дегендей. Ал эми ВИЧти тест тапшыруу менен гана аныктоо мүмкүн.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт