Акчаңызды бул 4 нерседен үнөмдөсөңүз, "сараң" атка конбойсуз
"Эртең менен чөнтөгүмө 1000 сом салып чыккам, кечинде сегиз сом менен кайтып келдим." Бул абал сизге таанышпы? Эгер жообуңуз ооба болсо, анда төмөнкү кеңешти окуңуз. Бул 4 нерсеге акчаңызды үнөмдөсөңүз, ашыкча чыгымдан арыласыз, "сараң" атка конбойсуз.
Шашылыш сатып алуулар
Дүкөндүн жанынан же базардан өтүп баратып кооз буюмду көрүп калсак дароо алганга шашылабыз. Арзандатуу деген белгини көрсөк такыр эле ойлонбой чуркайбыз. Бул ашыкча чыгым экенин унутпаңыз. Сөзсүз үйгө барып, ал сизге керектүүбү же жокпу жакшылап ойлонуңуз. Өзүңүзгө бир канча күн убакыт бериңиз. Ошондо ашыкча чыгымдан арыласыз жана көп учурда ал сизге кереги жок эле буюм болуп чыгат.
Күнүмдүк сатып алуулар
Базарга барганда эринбей катарларды кыдырыңыз, дүкөнгө киргенде үстүңкү гана эмес, астыңкы текчелердеги товарларга дагы көз жүгүртүңүз. Бааларын окуп салыштырыңыз, алдын ала түзүлгөн тизме боюнча гана сатып алыңыз. Кийин керек болуп калат деген ойдо сатып алууларды жүргүзбөңүз.
Транспорт
Үйдөн жумушка чейин машина айдап барсаңыз, жакшылап ойлонуңуз. Балким ашыкча чыгымдарды кыскартып, коомдук унаалар менен же жөө эле жетип аласыз. Машинаңызды болсо конокко же тоого барганда айдап алсаңыз жакшы болот.
Кредит
Эч качан телефон сатып алуу же тойго баруу үчүн кредит албаңыз. Деги эле, кредиттен алыс болуңуз. Кредит сиздин кирешеңиздин 30%ынан ашпашы керек, болбосо карызга батып кетесиз. Андыктан, суу ичип жашагыңыз келбесе, аны алардан мурун жакшылап ойлонуңуз.