// //

Кредит бар, акча жок болсо эмне кылуу керек?

2022.02.15, 12:57
6354

Кээ бир адамдар насыя алып жатканда ушунчалык бактылуу болушуп, өздөрүнө  “төлөй албай калсамчы?” деген суроону бергенди унутуп коюшат. Төлөй ала турганына күчү жетсе абдан сонун. Бирок жашоодо ар кандай кырдаал болуп кетиши мүмкүн. Андыктан, "кредит бар, акча жок" деп калганда эмне кылуу керек экенин айтып беребиз. 

Банкка чуркаңыз

Кредитти төлөө убактысы келди. Сизде акча жок. Бирок банктан эч ким чала элек. Бул учурда баары жакшы деп ойлобоңуз, пайыздар өсө берет, кредиттик тарыз бузула берет, карыз көбөйө берет. Андыктан, дароо банкка барып, акыбалыңызды айтыңыз. Ар бир банкта бул сыяктуу маселени чечүүчү бөлүмдөр бар. Алар иштин чоо-жайын иликтеп чыгып, сизге бир канча сунуштарды айтышат. 

Эскисин төлөө үчүн жаңысын албаңыз

Көпчүлүк учурларда, бул эң жаман чечим болуп саналат. Биринчиден, сиз буга чейин бир банкка карызсыз, ал эми сизге башка банктан кредит берилбей коюшу мүмкүн. Же берсе дагы жогору пайыздык чен менен берет. Анан эмне болот? Албетте, карыздын кудугуна түшөсүз. 

Түрмөгө отургузат деп коркпоңуз

Кредит алып жатканда алдамчылыкка барсаңыз, же чоң кредитиңиз бар, төлөй турган акчаңыз дагы бар, бирок төлөбөйсүз, банкты да, сотту да тоготпосойсуз дейли. Ошондо гана сизге карата кылмыш жоопкерчилиги пайда болот.
Андыктан банк менен ачык болуңуз. 

Кредитти такыр төлөй албай калсаңыз

Банк сот аркылуу акча талап кылууга укуктуу. Сот чечим чыгарып, карыздын суммасын бекитет. Ошол эле учурда сот сиздин оор абалыңызды эске алып, кредитти төлөө үчүн ыңгайлуу шарттарды белгилеп бере алат. Сотко жеткирбей эле, банк менен кызматташып, бир келишимге келсе болорун дагы билиңиз.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт