// //

Күйөөм мени кызгантам деп бул ишке барганын билип күлдүм

2022.02.18, 15:34
18881

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет жаш келиндин катын жарыялайбыз. Эскертүү! Каармандардын аты өзгөртүлдү. Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт, өздүк булактардан алынды! 

Башкача жыттанып келгенин дароо байкадым. Демейде, духи колдонбогон күйөөм башкача жыттанып жатат. Жаныман өтүп баратканда шап бурулуп карадым. Кайда болгонун сурадым. Күлүп өтүп кетти.

Мен такыр кызганчак эмесмин. Кызгануу дегенди билбейм. Күйөөм бул сапатымды жакшы билет. Ал мени кызганат. Бирок, менде кызганыч эмне деген түшүнүк жок экенин билет. Акыры, байкатпай эле кызганчу болду. Чынында, мен ойлойм, эки адам бири-бирине ишениш керек, кызгануунун пайдасы жок.

Баламды бала бакчадан алып кеткени келдим. Оюмда жанагы күйөөмдүн жыты. Гүлдөр жыттанган духи. Бирок, арзан духи окшойт, жыты начар, сапаты дагы.

Үйгө келдик. Балам экөөбүз колубузду жууганы ваннага кирдик. Жогорку текче ачылып турганын көрдүм. Жапсам жабылбайт. Бир нерсе туруп калган окшойт. Шап ачып жиберсем, туалетке чачкан "освежитель" экен. Бул кайдан келди? Жытын көрсөм, күйөөм себинген духи. Көрсө күйөөм... Боорум эзилип калды. Балам таңкалып турат. 

Мен дагы жөн жүрбөгөн адаммын да. Кечинде ваннага кирип "Эмнеге күйөөмө жабышасың?" деп үнүмдү катуу чыгарып бакыра баштадым. Колума тиги "освежителди" кармап алгам. Күйөөм чуркап келди. Эшик жабык болчу. Такылдатып жатат. "Жаным, кимге чалып жатасың? Мен сага баарын түшүндүрөм. Ал адам эмес. Ал деген..." Эшикти ачтым. Колумдагы "освежителди" көрүп токтоп калды. Мен күлкүдөн ичип ооруп, баса албай отуруп калдым. 

Таарынып басып кетти. Жанына барып, катуу кучактадым. "Алтыным, сени кызганбаганым, сүйбөйм дегеним эмес. Мен сени катуу сүйөм. Мага болгон мамилең өзгөчө. Сени чындап катуу сүйөм. Жаныңда бактылуумун. Бул үчүн рахмат." Күйөөм күлүп мени дагы кучактады. Кээде, сезимдерди ачык айтып туруу баарын жайгарат. 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кудагыйыма “кызымды көлөкөгө баккам” десем, “мен деле күн көрсөтпөйм” деди

Күйөөмдүн кандай жол менен акча таап келгенин угуп боорум эзилди

Күйөөмдүн жалаяк жууп жатканын угуп аябай таң калдым

Үч баласы бар аялга үйлөнгөнүмө эч качан өкүнбөйм

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт