Аялымдын кандай жол менен акча таап келгенин билип уялдым
Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет жаш келиндин катын жарыялайбыз. Эскертүү! Каармандардын аты өзгөртүлдү. Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт, өздүк булактардан алынды!
Салам! Силердин сайттан "Күйөөмдүн кандай жол менен акча таап келгенин угуп чалкаман куладым" деген макаланы окуп алып боорум эзилип куладым. Бирок өзүмдүн башымдан өткөн бир окуяны эстедим. Ыраматылык жубайымдын окуясы. Сагындым. Ыйладым. Анан жумушка жөнөп кеттим.
Жалгыздыктан өткөн жаман нерсе жок экен. Акыры балдарды чоңойтуп, буттарына тургузуп коюп, экинчи ирет үйлөндүм. Бирок могу жүрөк биринчидей сүйө албады. Азыркы аялымды сыйлайм, барктайм, сүйөм. Ошентсе дагы...
Түндө уйкусуз жатканда аны эстейм. Сүйүнсөм аны эстейм. Кайгырсам аны эстейм. Кыйын аял эле. Мыкты адам эле. Ажалдан кутулуп болбойт экен. Өмүрүмдүн жарымы аны менен өткөнүнө ыраазымын.
Мен уялчакмын. Көп сүйлөбөйм. Үйдөн чыккандан кийин оозум жабылып калат. Ыраматылык аялым тың эле.
Бир жылдары жумуш жок экөөбүз тең үйдө отуруп калдык. Дүкөнгө барып карызга макарон алып келатсам, бир бай кошунабыз отундарын жарып берсем акча берерин айтты. Мен теңдүү эле киши. Намыстанып баш тартып койдум. Үйгө келип аялыма айттым. Унчуккан жок.
Эртеси жумуш издеп чыгып кеттим. Олжосуз үйгө кайтып келсем, аялым толтура продукт алып келиптир. Макарондон тажаган балдар аябай сүйүнүп отурушуптур. Кайдан алганын сурадым. Анткени дүкөнчү карыз бербей калган эле. "Балдар ач отурганда, ак эмгек менен жумуш жасагандан уялбаш керек. Тиги кошунанын отунун жарып бердим. Бизди басынткысы келсе эмне экен, өзүнө жамандык кылып жатат. А биз болгону балдарды багып жатабыз. Ак эмгегибиз менен."
Уялдым. Чынныда эле намыстанып, балдарды унутупмун. Аялым тынбай иштеп жүрүп, акыры ооруга чалдыгып каза болду. Жөн отурчу эмес. Акыркы мүнөттөрдө жанында отурсам мени кубалап, "жумушуңа бар, балдар кичине, акча керек" дейт эле. Алтыным, ар дайым бизди ойлоп жүрүп үзүлдү. Мен анын айтканы менен болуп, иштен башымды албай, балдарды ток кылып чоңойттум.
Тыкылдап иштерди шапа-шупа бүтүргөнүн сагындым. Эч жумуш ылгабайт эле. Баарына жетишчү. Андан ажырагандан кийин гана өзүм элестеткенден дагы катуу сүйөрүмдү билдим. Аялым менден кыйын болчу, муну айткандан уялбайм. Балдарыма деле апаңар кыйын болчу деп көп айтып чоңойттум.
Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:
Кудагыйыма “кызымды көлөкөгө баккам” десем, “мен деле күн көрсөтпөйм” деди
Күйөөмдүн кандай жол менен акча таап келгенин угуп боорум эзилди
Күйөөмдүн жалаяк жууп жатканын угуп аябай таң калдым
Үч баласы бар аялга үйлөнгөнүмө эч качан өкүнбөйм