// //

Жолдошум баарын апасына айтат. Эми өз алдынча чечкиндүү боло алабы?

2022.02.17, 13:01
3591

Саламатсызбы! Жолдошум экөөбүздүн турмуш курганыбызга 4 жыл болду. Ортодо бир балабыз бар. Ишенесизби баарынан чарчадым. Төрт жылдын ичинде ойлонуп атып каарый түштүм. Ичимдеги сырымды айта турган ата-энем каза болуп калышкан.

Менин маселем апам (кайненем). Өзүмдүн апам жок болгондугуна байланыштуубу айтор апамдын көзүн карап айланчыктап турам. Болгон сырымды айтып. Казан аяк кагышпай койбойт. Кичине урушуп кетсек эле апам келип баласына болушат. Менин жалгыз балам. Баламдын мээсин жеп бүттүң, баары сенден көз каранды деп.

Ар бир майда-чүйдө урушубузга кийлигишет. Жолдошум дагы атасы жок өскөнгөбү баарын апама айта берет. Өзү чечкиндүү болуп көнөбү же өмүр бою баарын апасына айтып көнүп калдыбы? Эмне кылсам болот? 

Кээде ушундай жашоодон тажап өлгүм келет. Баламды ойлоп, ыйлап кала берем.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
17.02.2022, 13:50

Айдана Мадишова 

Психолог 

Саламатсызбы окурман!
Катыңызды окуп, үй-бүлөңүздөгү ролдордун туура эмес бөлүшүлгөндүгүн байкадым. Үй-бүлө бактылуу болуусу үчүн анын ар бир мүчөсү өз ролун туура, так аткаруусу зарыл.
Мисалы, жолдошуңуз жетилген, үй-бүлөнүн оорчулугун көтөргөн, чечкиндүү болгондун ордуна, жашы жете элек баладай кыйынчылык болсо эле апасына барып арызданганы. Бул жолдошуңуздун жоопкерчиликсиз экендигинен кабар берет.

Албетте кыйын күндө ата-энеден кеңеш суроо жакшы нерсе, бирок үй-бүлөлү чырды апасына айтуусу анын психологиялык жактан жашы жете элек бала экендигинен кабар берет.
Ал эми апаңыз өзүнчө түтүн булатып,  көйгөлөрдү өзүңөргө чечтирбей жаткандай. Жолдошуңуз жана балаңыз менен бир үй-бүлө экендигин кабыл алгысы келбей жаткан сыяктуу.

Тилекке карышы мындай учурда көйгөйдү жалгыз чечүү мүмкүн эмес. Жолдошуңуз жана апаңыз да өзгөрүүгө аракет кылуусу керек. Мүмкүнчүлүк болсо үй-бүлөлү психологго баарыңар тең барып, үй-бүлөдө ким кандай ролуду ойношу керектигин чечип алыңыздар. 


Сизге үй-бүлөлүк бакыт каалайм!

Психолог Айдана Мадишова менен @insight.aidana баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт