Эки жарым айлык кызым колун соро берет. Бул эмнеден?
Саламатсызбы! Кызым эки жарым айлык. Эмсе деле колун кечке соро берет. Анан да жакшы эмбей коёт. Бул эмнеден?
Гүлия Ахматова
Педиатр
Саламатсызбы! Көбүнчө бул кыймыл 5-6 айлык мезгилге чейин норма болуп эсептелет. Ымыркайларда бул нерсе рефлекс. Ошол үчун оозуна тийген энесинин эмчеги, колу, упчу же башка нерсе болсо деле соро берет.
Эгерде бул колун соруу өнөкөт болуп баратса коркунуч жаратат. Алты айдан кийин тиштеринин, привкустун туура эмес калыптанышына алып келет. Бул адаты көпкө чейин сакталса албетте адиске кайрылыш керек.
Биринчи стоматолог адисине кайрылып ооз көңдөйүндө эч кандай көйгөй жокпу текшертүү керек. Андан кийин невролог адисине кайрылуу сунушталат. Себеби бала төрөлгөндө кыйналып калса (гипоксия деп коебуз), кандайдыр бир оору менен ооруп, стресс болсо, энеси кош бойлуу кезде вирустук оору менен ооруп айыкпай калса, болбосо ооз көңдөйүнүн сөөктөрү жылып кетсе колун соруу өнөкөткө айланат.
Ошондуктан бул кыймылы 6-7 айында токтобосо адиске кайрылып себебин аныктоону сунуштайм.
Ден соолукта болуңуз!
Педиатр Гүлия Ахматова менен байланышуу үчүн @azia_med_karakol инстаграм баракчасына кайрылсаңыз болот.