// //

Күйөөм эмне үчүн мага "акча жок" деп тыйын бербегенин билип ыйладым

2022.02.15, 17:46
17428

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет жаш келиндин катын жарыялайбыз. Эскертүү! Каармандардын аты өзгөртүлдү. Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт, интернеттен алынды!

Акыркы эки айдан бери "акча жок" деп көп айтчу болду. Жумушуң жакшыбы десем, жакшы эле дейт. Продуктту дагы мурдагыдай жайнатып алып келбейт. Балдарды бала бакчадан алып келатып, дүкөнгө алып кирбей калыптыр. Баласы атасына таарынып жатканын айтты.

Күйөөм бир калыпта жүрөт. Оор басырыктуу адам. Ашыкча сүйлөбөйт. Бирок, балдары менен ойноп жатып, өзү бала болуп кетет. Каткырганын көрүп мен сүйүнөм. Өтө баласаак, анан үй иштерине мыкты. Бул үйүбүздүн баарын өзү куруп, өзү бүтүргөн. Жумушунан келип алып, түнү менен иштейт эле. Жанында жүрсөм, "укта" деп кубалачу. 

Жумуштан кыздар болуп сүйлөшүп калдык. Туштөнүү маалым эле. Ошондо бирөөсү күйөөсү акча жок деп коюп, акырында башкага берип, анысы аз келгенсип ага кетип калганын айтты. Жүрөгүм шу дей түштү. Табитим жоголду.

Бул нерсени алалычы десем, "азырынча акча жок" деди. Мурда дароо макул болчу. Деги эле акча жок деп такыр айтчу эмес. Кимге берип жатат?

- Ал ким?

- Ким?

- Акчаңды кимге берип жатасың дейм?

- Койчу, кайдагыны баштабай. 

Бултуюп барып жатып алдым. Балдарды өзү уктатып коюп, анан келди. Карабай дагы койдум. Ошол боюнча уктап кетипмин.

Жумуштан келатып көргөн көзүмө ишенбедим. Күйөөм аны менен турат. Жылмайып күлүп алган. Колу анын үстүндө. Кантип чуркап жанына барганымды билбейм.

Кыялымдагы машина. Эми бизде машина бар. Эми маршруткада тыгылып балдарды жүдөтпөй бала бакчага алып барам. Эми базарга сүйүнүп барам. Эми жайында ысыбай, кондиционерди жандырып алам. Кызыл машина. Эми бизде машина бар.

Күйөөмдү кучактап өпкүлөп кирдим. Ал кошуналар көрөт деп качат. Алтыным десе, эми биздин үй-бүлөдө машина бар. Экөөбүз жактырып жүргөн машина. Жылдап кыялданып жүргөн машина. Кайдагы нерселерди ойлогонума өкүндүм, уялдым. 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кудагыйыма “кызымды көлөкөгө баккам” десем, “мен деле күн көрсөтпөйм” деди

Күйөөмдүн кандай жол менен акча таап келгенин угуп боорум эзилди

Күйөөмдүн жалаяк жууп жатканын угуп аябай таң калдым

Үч баласы бар аялга үйлөнгөнүмө эч качан өкүнбөйм

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
A
Akjol Dushanovich махмудов
17.02.2022, 11:09

10

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт