Бул 2 сүрөттү карап көрүңүз жакшыбы же начарбы билип алыңыз
Салам достор! Биз бүгүн үй шартында көрүнүү аныктай турчу сүрөттөрдү көрсөтөбүз. Бирок, бир нерсени айта кетели. Үйдө өз алдынча текшерүү офтальмологдон толук кандуу көрүү диагнозунан өтүүнү алмаштыра албайт экенин түшүнүшүңүз керек. Бул, тескерисинче, жөн гана дарыгерге кайрылуу керектигин айткан жардамчы куралдар. Анда баштадык.
Алгач бул таблицаны басып чыгарып алышыңыз керек. А4 форматы жетиштүү, болгону аны туурасынан коюу маанилүү. Таблицаны дубалга илиңиз. 10-сапка басым жасаңыз - ал көзүңүздүн деңгээлинде болушу керек. Бөлмөдөгү жарыкты азайтып, таблицага гана кошумча жарыктандыруу бериңиз. 5 метрдей артка кадам таштаңыз жана баштаңыз.
Эгерде мурда көрүүңүздө көйгөйлөр жок болсо, 10-саптагы тамгалардан текшерип баштаңыз. Себеби аны көрүүсү 100% адамдар көрүшөт. Анан ылдыйдан жогору окуңуз. Тамгалардын баарын же айрымдарын ажырата албай жатасызбы? Бардык тамгаларды так ажырата ала турган сызыкка чейин барыңыз. Ар бир көздү өзүнчө текшерүү керек, текшерүү учурунда экинчи көздү алакан менен жабыңыз, бирок жабылган көз жумулбасын.
Дуохромдук тест жакындан көрө албайсызбы же алыстан көрө албайсызбы аныктоого мүмкүндүк берет. Бул текшерүүнү онлайн, компьютерден же телефон аркылуу жүргүзсөңүз болот.
Текшерүү учурунда мониторго чейинки аралык 50-70 см болушу керек. Керектүү аралыкты аныктап, сүрөткө караңыз: эгер жашыл фондо жазылган тамгалар сизге так көрүнсө, бул алысты көрө албай турганыңыздан кабар бериши мүмкүн. Тескерисинче - кызыл фондо так тамгалар так көрүнсө, жакынды көрүүдө көйгөйлөр бар экенин билдирет.