Кант диабетинин алгачкы 8 белгиси
2022.02.09, 12:50
6399
Салам достор! Кант диабетинин алгачкы белгилери тууралуу эндокринолог Чолпон Муратова (@dr_myratova)айтып берет.
Бул дарт адамга күтүлбөгөн жерден келет. Белгилери акырындап, биринин артынан бири пайда болот.
Адамдын олуттуу оору менен жабыркап жүргөндүгү тууралуу айтып турган эң алгачкы белилери:
- Ар дайым ооздун кургашы;
- Суусоо (суусоосу канбагандай сезим);
- Дене салмагынын өзгөрүшү;
- Теринин кургашы жана кычышуусу;
- Жумшак ткандардын бетинде ириңдүү процесстердин пайда болушу;
- Жарааттын начар айыгышы;
- Алсыздык жана тердөө;
- Арыктоо (тамакка болгон аппетит бар болсо да).
Эгерде сизди жогорудагы белгилер тынчсыздандырып келген болсо, дароо дарыгерге кайрылыңыз.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.