// //

Эгер сизде бул 12 белги болсо, чачыңыз түшөт

2022.02.05, 18:43
8136

Чач аял затынын ден соолугунун көрсөткүчү. Чачтын түшүүсү бул кыз-келиндердин эң көйгөйлүү темасы. Чачтын түшүүсү боюнча эндокринолог Чолпон Муратова (@dr_myratova) айтып берет. 

 

Бир күндө жүз даанага чейин чачтын түшүүсү норма болуп эсептелет. 

Чач түшүүнүн негизги себептери:

  1. Аз кандуулук, ферритиндин төмөндүгү (нормада 30мкг/л ⬆️);
  2. Калкан безинин иштөөсүнүн бузулуусу (гипотиреоз зобу);
  3. Стресс;
  4. Толук кандуу тамактанбоо жана туура эмес диета кармоо;
  5. Белоктордун жана Омега 3 майынын тамак ашта жетишсиздиги;
  6. Витаминдердин жана минералдардын организмде жетишсиздиги. Айрыкча D витамини жана витамин В12, цинк, йод;
  7. Баш терисинин оорулары;
  8. Төрөгөн аялдарда жана эмчек эмизген учурда (прогестерон гормонунун жетишсиздиги);
  9. Менопауза жана гормондордун бузулуусу;
  10. Инсулинорезистенттик, ашыкча салмактуулук;
  11. Ичеги-карындардын (тамак-аштын сиңирүүнүн бузулуусу, дисбиоз);
  12. Албетте тукум куучулук (көбүнчө эркек кишилерде болот). 


Мындан бөлөк дагы чач түшүүнүн себептери болот. Туура дарылоо үчүн эң негизги себебин табуу керек.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт