// //

Кекечтик тукум кууйбу

2018.01.30, 16:32
3093

 

Мен 18 жаштамын. Сөздү баштаарда такалып, аябай кыйналам. Кекечтенүү биздин генде бар, тактап айтканда эркек кишилерибиз кекеч. Кызыгы мен аял кишилерден биринчисимин. Жакындарым менен сүйлөшкөндө анча кыйналбайм. Тааныбаган адамдар менен сүйлөшө баштасам, аябай билинип калат. Дарылоонун жолу барбы?

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
30.01.2018, 16:32

Динара Токсонбаева 

Логопед

 

Ата-энелердин көбү кекечтенүү ген аркылуу берилип, тукум кууйт деп ойлошот. Бирок бул жаңылыштык. Кекечтенүү эч качан ата-энеден балага берилбейт, коркунучтан улам кийин пайда болот. Ошондой эле эгерде атасында, энесинде же бир туугандарынын биринде кекечтенүү бар болсо, жаңы төрөлгөн бала чоңойгон сайын алардын айтканын угуп, сиңирип алып, сүйлөп баштаганда кайталайт. Менин практикамда мындай учурлар көп болгон. Мага 2 жаштагы баланын энеси “биздин атабыз кекечтенет, балабыз дагы кекечтене баштады” деп кайрылган. Мен баланы чоң энесине жибергиле, аны ошол жактан мага алып келип тургула дедим. Мен айтканды аткарышты, аз убакыт өтпөй эле бала нормалдуу сүйлөп баштады. Азыр ал бала 12 жашта, кекечтенбейт. Андыктан ата-энеси же бир туугандары кекечтенсе ал чынжырча болуп кете берет. Эгерде аларды бөлүп койсо, кекечтенүү жоголот. Дарыланса болот. Баары өзүңүздүн каалооңуздан көз каранды. Логопедге кайрылсаңыз, атайын техникалардын жардамы менен бат эле арылып кетесиз. Дарылоого адабият, окуу техникасы, көркөм окуу, туура дем алуу жана кекечтенген тамагаларын чоюу методдору жардам берет. Азыр интернетте атайын көнүгүүлөрдүн түрү бар, ошолорду карап аткарсаңыз болот. Арылам деп максат коюп, күн сайын аракеттенсеңиз кекечтенбей каласыз.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт