Эмма Уотсон: Кыз үчүн эң кейиштүү тагдыр – жигиттин алдында өзүн басынтуу
Салам достор! Бүгүн силерге сонун маалыматыбыз бар. Айталы дегенибиз, көпчүлүгүбүз жактырып көргөн «Гарри Поттер» тууралуу фильмдин баш каармандарынын бирөөсү Эмма Уотсондун көрүнүктүү цитаталарын чогултук. Анын айтканын аткар дебейбиз, болгону бир окуп чыгып, өзүңүзгө керектүүсүнө жылмайып коюңуз.
«Билесизби, эгер сүйө албай жатсаңыз, өзүңүздү келесоо сезбеңиз, демек сизди чындап эле улуу сүйүү күтүп турат».
«Кичинемде үч адатка ээ болгом: башкалардын катасын байкоо, клубдарга барбоо жана адепсиз суроолорго ойлонбостон “жок” деп жооп берүү».
«Эгер өзүңүзгө болгон баа бейтааныш адамдардын пикирлеринен, алардын комментарийлеринен жана сөздөрүнөн көз каранды болсо, бул өтө коркунучтуу... Чындап эле өтө коркунучтуу».
«Кыз үчүн эң кейиштүү тагдыр – жигиттин алдында өзүн басынтуу».
«Жаш кыздар принцесса болуш керек деп ойлошот. Гермиона аларды жоокер да болууга үйрөтөт».
«Кыздар акылдуу болуудан коркпошу керек».
«Менин оюмча, эң сулуу адамдар – эч кандай макияжы жок сыяктуу көрүнгөндөр».
Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:
Мерилин Монронун цитаталары бул жерде.
Моника Беллуччинин цитаталары бул жерде.