Аялым баламды Турцияга алып кетип калды. Кантип катташсам болот?
Саламатсызбы! Ажырашканыма 5 жыл болду. Жубайым алименттен баш тарткан. Баламды Турцияга алып кетиптир. Мени менен таптакыр сүйлөштүрбөй жатат. Эмне кылсам болот?
Жаңыл Алымкул кызы
Юрист
Саламатсызбы!
КРнын Үй-бүлө кодексининин 66-статьясына ылайык ата-энелер өздөрүнүн балдарына карата бирдей укукка жана милдетке ээ.
Андыктан, бала менен катташуу графигин түзүү боюнча сотко доо арыз жазып кайрылсаңыз болот.
Жумасына канча жолу, кайсы күндөрү, саат канчадан канчага чейин алып кетип, же жолугуп тургуңуз келет арызда шарттарын өзүңүз көргөзөсүз.
Сот эки тараптын талаптарын жана шарттарын эске алып чечим чыгарып берет.
[ Негиз: КР Үй-бүлө кодексининин 71-статьянын 2-пункту ]
Ошол чечимде көрсөтүлгөн графикке жараша баланы алып кетип, жолугуп турсаңыз болот. Эгер буга да карабай, балаңыздын апасы аны көрсөтпөй койсо, анда соттун чечимин аткарбаганы үчүн жоопкерчиликке тартылат.
Юрист Жаңыл Алымкул кызы менен инстаграмдагы @lawyer.janelle баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.