Эмнеге күйөөгө тийгенден кийин коркок болуп баратам, кеңеш бергилечи?
Саламатсызбы! Менин суроомо да жооп алып бериңизчи сураныч? Турмушка чыкканыма үч жыл болду. Кыз кезимде аябай тың, аракетчил кыз элем. Эмнедегдир турмушка чыккандан кийин тартынчаак, өзүмө ишенбеген, коркок болуп баратам.
Адамдар менен баарлашуудан качам. Туура эмес айтып алсамчы, деп сөз сүйлөгөндөн корком. Чүнчүп кеттимби билбейм. Мага башка адамдар мени теңине албай жаткандай сезиле берет.
Жашоом кудайга шүгүр, күйөөм урбайт, ашыкча урушпайт.
Ушул темпте кете берсем артта калып каламбы деп корком. Эмне кылышым керек?
Асель Баимбетова
Психолог
Саламатчылык. Турмушка чыккандан бери үй-бүлөдө бардыгы сиз күткөндөй болуп жатабы? Балким, сиз көп нерсени үмүтөтүп алгансыз, анан жаңы бир шартка көнүп жашоого аргасыз болуп жатасыз, ошондон улам жан дүйнөңүздө дискомфорт жаралууда.
Балким бала кезиңизден жакшы кыз болууга үйрөтүлгөнсүз. Эми чоң жашоодо да ата-энеңизге окшоп бирөо жарым кандайдыр бир багыт көрсөтүп беришин күтүп жатасыз.
А балким жаңы ролго, жаңы милдеттерге көнө албай кыйналуудасыз.
Жашоо өзгөрдү, сиздин статус да эми башка. Мурунку ой жүгүртүү, мурункудай жүрүм-турум азыркы шартка ылайк келбей жатат. Турмушка чыга элек кыз менен үй-бүлөлү аялдын ролдорун айырмалай албай жатсаңыз керек.
Сиз өзүңүздү, өзүңүздүн жаңы статусуңузду кабыл алгандан кийин гана өзөгүңүздү таап мындан ары кайсы багытта жүрүп отурам, кантип өнүгөм – деген суроолоруңузга жооп таба аласыз.
Буларды мен болжолдоп гана айттым. Өзүңдү жакшыраак түшүнүү үчүн психологдон консультация алуу зарыл. Мүмкүнчүлүгүңуз болс кайрылып көрүңүз.
Бактылуу болуңуз!
Психолог Асель Баимбетова менен инстаграмдагы @psihologiya_kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.