Жыныс мүчөмдөгү түктөрдү лазер менен алдырсам зыян эмеспи?
Саламатсызбы! Жооп берип коесузбу, сураныч. Жыныс мүчөдөгү түктөрдү шугаринг менен алдырып жүрчүм. Бирок, ай сайын алдырганы бара берип тажап кеттим. Эми лазердик эпиляция кылсамбы деп жатам. Бул нерсе ал зонага зыян эмеспи?
Светлана Коздрович
Гинеколог-эндокинолог
Саламатсызбы! Лазердик эпиляция, шугаринг сыяктуу эле, интимдик зонадагы түктөрдү алуунун заманбап ыкмалардын бири. Ооба, лазерден кийин түктөр көпкө өспөй, тери жылмакай болуп калат. Бирок, бул ыкма көзгө көрүнбөгөн травма алуу коркунучу менен коштолот.
Интимдик аймактын териси өтө жука, ал тургай өтө сезимтал. Ар кандай жаракат, жадакалса микротравма, герпестин вирусун жана адамдын папилломасын күчөтүшү мүмкүн, эгерде адам алардын алып жүрүүчү болсо. Ошондой эле, түктөрдү тез-тез алып туруу бул зонада шишик процесстеринин провокатору болуп калышы дагы ыктымал.
Кош бойлуу кезде оорутуучу ыкмаларды колдонбогонуңуз оң, бирок эпиляция баланын ден-соолугуна түздөн-түз таасир этпейт.
Ден соолукта болуңуз!
Гинеколог-эндокринолог Светлана Коздровичти инстаграмдагы @arzclinic баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.