Кичинекей балага кандай витамин берсе болот? Педиатр жооп берет
Саламатсызбы! Бир жаштагы балага кандай витамин берсе болот? Кеңеш берип коесузбу, билбей жатам.
Диляра Искакова
Педиатр
Урматтуу ата-энелер, витамин суроосуна келгенде мен дайыма айтам, аптекадан, базардан же дагы башка жерден биокошулмаларды алууга каршымын. Себеби ар бир андай витаминдин курамында консерванттар бар, табигый нерселер дээрлик жокко эсе. Андан көрө өрүк, жаңгак, мейиз, кара өрүк, кабачки, кургатылган жемиштер, помидор, бадыраң, ашкабак ж.б. сыяктуулар витаминге бай болот. Айталы, биз маани бербеген карагат С витаминине толтура. Андыктан балага түрлөп тамак бергиле, жогорудагы жашылча-жемиштерди бергиле, бал бергиле. 1000 сомго витамин алгандан көрө, ага базардан кургатылган мөмө-жемиш алып келип, тазалап жууп берсеңер, балага пайдасы көп болот.