// //

Фермер Разак Сыдырбаев “Кредитке алган үч саан уйларым малдын башын көбөйттү”

2022.01.25, 17:05
3532

Чүй облусунун Учкун айлынын тургуну Разак Сыдырбаев чакан чарбанын ээси. Фермасында уйларды жана жаш букаларды кармайт.

“Чарбабыз үйүбүздүн короосунда эле жайгашкан. Жумушту бир тууганым менен биргеликте жүргүзөбүз. Тамашалап, чарбанын президенти сен, үйдүкү мен деп коем.”

Фермер Разактын айтымында бодо малдарды багуудагы эң негизги эреже – бул тартип. Айталы, малга жемди, чөптү жана сууну өзүнүн нормасы, убакыт-сааты менен берүү керек.

“Эртең менен турганда эле жем жешет. Ошол боюнча саат 10го чейин жатышат. Анан бир түк беде чөп жешет. 12 жарымда калган чөптөрүн алып, суусун берип туруп, жарым түк саман чачабыз. Төрттө күнжарасын беребиз. Анан кечки жетиге чейин жатышат. Кечинде бир тачка силос салынат.”

Жакында эле Разак бизнесин өнүктүрүү үчүн “Айыл Банкка” кайрылган.

“Үй-бүлөбүз менен малдын башын көбөйтүүнү ойлондук. Жубайым экөөбүз кредит алууну пландаштыра баштадык. Бирок кайсы банктан экенин чече элек болчубуз. Анан көп адамдардан “Айыл Банк” тууралуу уга баштадык. Албетте, пикирлери абдан жакшы болчу. Анан банкка барып көрүүнү туура көрдүк.”

Фермер кредит алуу процесси тууралуу буларга токтолду.

“Биринчи 16% менен берерин айтышты. Макул болуп электрондук кезекке туруп баса бердим. Кезегим келгенде банк кызматкерлери үйгө келип, короону, жем-чөптү көрүп кетишти. Анан 10% менен кредит берүү чечимин кабыл алышты. Абдан сүйүндүк.”

Разак Сыдырбаев кредитине 3 баш саан уй, калганына 8-9 айлык торпок алды. Азыр саан уйлары бирден тууп берип, малдын башын көбөйттү. Букалары дагы байланып турат.

“Айыл Банк” менен иштөө өтө жеңил экен. Шарттары жакшы, убакытты созушпайт дегендей. Эң негизгиси кагаздар менен кыйнабаганы жакты. Адистери акырына чейин кеңеш берип турушту. Буйруса дагы кайрылабыз.”

Нарынбек Токтогулов “Айыл Банктын” кызматкери

Биздин банктан дыйкандар “Айыл чарбасын каржылоо – 10” долбоору аркылуу мал чарбачылыгына, жер иштетүүгө жана айыл чарба продукцияларын кайрадан өндүрүүгө кредит алалышат. Кредиттин пайызы жылына 6% деп каралып жатат. Бирок, "Айыл Банк" ААКсы "Айыл чарбасын каржылоо 10" мамлекеттик программасынын алкагында жеңилдетилген кредиттерди Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин токтому чыккан соң ишке ашырууну баштайт.

Мал чарбачылыгына жана жер иштетүүгө 3 жылдык мөөнөт менен 3 миллион сомго чейин алалышат. Айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүгө 5 жылдык мөөнөт менен 500 миң сомдон 20 миллион сомго чейин алса болот. Кененирээк маалымат алуу үчүн ab.kg сайтыбызга кирсеңиз же банктын жакынкы кеңсесине кайрылсаңыз болот.”

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт