// //

Абысыныма карыз берип алып аябай өкүндүм

2022.01.24, 16:22
17267

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз. Башкы беттеги сүрөттүн окуяга тиешеси жок. 

Карыз алган ал, берген мен. Бирок, эмнегедир мен жаман болуп жатам. Албай эле коеюн дегем. Бирок, балама операция жасаш керек болуп калды. өтө кооптуу деле операция эмес, бирок акча азрыл эле. 

Күйөөм албай эле койсоң болмок деп ары-бери асып жүрөт. Мен таңкалып отурам. Өз акчабызды берип жатып дагы ушинтеби деп ойлойм. Абысынымдын жүзү ачылды. Эң кызыгы кичинекей эле сумма болчу.

Тойго бармак экен. Мага чалып тыйын сурады. Жанымда беш миңдей бар болчу, ошону берип турайын дедим. Таң эрте келиптир. Эшикти такылдатпай эле уктап жатсак ойготуп, акча даярбы сурады. Ачуум келгенин айтпагыла. Берсем, рахмат айтпастан чыгып кетти. 

Күйөөм экөөбүз шок. Күйөөм байкесине чалды. Кайын агам сонун киши. Анны ордуна кечирим сурады. Этибарга албадык.

- Мэ, аябай шаштырып тынчымды алдынар го.

Алты айдан кийин биринчи жолу акчабызды сурадык. Абысынымдан мындайды күткөн эмеспиз. Акчаны колго эмес, ыргытып берди. Ачуум келди. Өзүмдү кармана албай баарын айтып салдым. 

"Карыз алгандан кийин кайтарганды дагы билиш керек. Колдон келсе албай эле коюш керек. Рахмат айта албаган билимсиз адам экенсиз. Экинчи биздин үйгө чакыруусуз, эшикти такылдатпастан келбеңиз." 

Кайын энеме барып даттаныптыр. Кайын энем кечинде мага чалды. "Кызым, ордуна катуу койбопсун, мен коюп койдум" деп каткырды. Экөөбүз күлүп бир топко сүйлөшүп отурдук. Жок, абысынымды эмес, кайын энем экөөбүз элди жамандаганды жактырбайбыз. Аркы-беркини сүйлөшүп анан коштоштук. Сонун кайын энем бар да. 

Менин айтайын дегеним абысынмдай адамдардын жоругу. Карыз алат дагы, берип жатканда өздөрүн тим эле сезип алышат. Бере албаса түшүндүрүп койсо болот да.

Өз чегиңерди коргогула. Жакшысы карыз албагыла жана бербегиле. Эч качан бирөөнү башыңарга чыгарбагыла. Болбосо, үйүңөргө чейин тепселеп кирип келишет. 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кайын сиңдим эмнеге менин көзүмдү карай албай жатканын билип таңкалдым

Кайын энем кайын атамдан бекинип бир кишиге жолугуп жүргөнүн билип калдым

Күйөөм бул үч кызга массаж жасап берип колун оорутуп алыптыр

Пол жуугандын ордуна башымды жууп баштагандан бери жашоом өзгөрдү

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт