// //

Үй-бүлөлүү адамды сүйөм

2018.01.26, 14:25
2824

Мен бир адамды жакшы көрөм, тактап айтканда аны катуу сүйөм. Ал дагы мени сүйөт. Сүйлөшкөнүбүзгө бир жыл болду. Бирок ал адамдын үй бүлөсү бар. Туура кылып жатамбы билбейм, бирок жүрөккө буйрук бере албайсың дегендей, өзүмө ээ боло албай жатам. Ал “менин экинчи аялым болосуң, мен үчүн кымбатсың, сени сүйөм” деп жатат. Мага анын үй-бүлөсү жана балдары маанилүү, бирок баш тарта албай жатам. Ал менен бир нерсе болуп кетеби деп корком. Айта кетчү нерсе менден 40 жаш улуу. Бирок мен аны кандай болсо ошондой сүйөм. Эмне кылсам? Мага кеңеш бериңизчи.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
26.01.2018, 14:26

Кадыр Маликов

Теолог

 

Жаш курактагы чоң айырма жана бүгүнкү күндөгү практика мындай сүйүүлөрдүн өтүп, мүңөздөр, адаттар жана мамилелердин эле калаарын көрсөттү. Мүмкүн сиздики жөн эле кызыгуудур, мүмкүн чындап эле сүйөөрсүз. Бирок, биринчиден ал сизден 40 жаш улуу жана үй-бүлөсү бар. Бул жерде кызыкчылыктар конфликти болушу мүмкүн. Анын аялы экинчи аял алам деген пикирине кандай мамиле кылаарын билбейсиз. Күйөсүнүн экинчи аял алуусуна бардык айымдар каршы. Чоң чыр-чатактар чыгып, анда дагы, сизде дагы көйгөйлөр жаралышы мүмкүн. Ошол себептүү мен сизге ага турмушка чыгууну сунуштабайт элем. Жашоо көрсөткөндөй сүйүү өтөт, мамиле калат. Ошондой эле ата-энеңиз мындай никеге кандай мамиле жасашат. Ата-энеңиз дагы сизге ыраазы болгондой болуш керек. Экинчиден мен сизге шашылбай, шарияттын негизинде иш кылыңыз деп айтмакчымын. Жаш жигиттер көп. Улутуна карабай эле койсоңуз болот. Бирок ыйман, жаш курак деген түшүнүк бар жана булар маанилүү. Жаш экенсиз, үй-бүлөсү жок адамга турмушка чыгууну сунуштайм. Ал адамдан алыстап, башка бирөөнү издеңиз. Үй-бүлө куруу бул чоң жоопкерчилик. Минтип жүрө берсеңиз анын үй-бүлөсүн бузуп, уруштарга, талаш-тартыштарга жол ачасыз. Сиз экинчи аялы болгон учурда дагы, нике эле кыйылат. Юридикалык жоопкерчилиги бар, расмий нике катталбайт. Кийин талактын негизинде сиз менен ажырашып кетсе, балдарыңызга мурас ала албай каласыз.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт