Эмнеге балдарым бакпаган атасынын фамилиясын алып жүрүшү керек?
Күйөөм менен ажырашкам, 9 жыл болду, мыйзам түрүндө. 2 уулум бар. Алимент албайм, кереги жок. Болгону балдарымын фамилиясын өзүмө өткөргүм келет. Мага жардам бериңизчи. Эки баламы мага өткөрүп бере турган адилеттүү сот барбы кыргызда? Ал бакпаса, сурабаса, эмнеге анын фамилиясын, тааныбаса да балдарым алып жүрүшү керек.
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Тилекке каршы, күйөөңүз чынында балдардын атасы болсо, анда анын аты-жөнү балдарда калат. Бул нерсени сот дагы өзгөртө албайт, анткени мыйзамда ушундай көрсөтүлгөн. Күйөөңүз аталык укуктан ажыратылган күндө дагы, фамилиясы балдарында кала берет. Атасы каралашпай жаткан болсо, алимент өндүрүү же аталык укуктан ажыратуу боюнча гана сотко кайрыла аласыз. Ал эми фамилиясын алдыруу мыйзамда каралган эмес.
Саламатсызбы Мен Токтосунов Адилет уйлонгонумо 5жыл болду Бир балам бар 3ко чыгайын деп калды экинчиси бойунда бар айалым мени алдап журуптур биро менен суйлошуп мени менен ажырашам деп жатат баламды озумо кантип Алсам болот ЗАГС да алган эмеспиз соттошсок ала аламбы менде тиги бала менен суйлошкон создору полный сакталуу