// //

Москвада иштеп жүрүп өтүп кетемби деп корком. Эмне кылсам болот?

2022.01.13, 09:45
1384

Саламатсызбы! Атым аноним болсун. Жашым 20да, менин суроом мындайча, жашоого эч кызыгым жок. Азыркы учурда Москва шаарындамын. Жумуш, үй-бүлө болуп жүрүп тажап кеттим. Ар кандай ойлор келет. Өзүмө-өзүм кол салайын деген да ойлор келди. Аракет кылып көрдүм, алдыга койгон максаттарыма аракет жок. Кээде туруп ойлоном, өмүрүм иштеп жүрүп өтүп кетет окшойт деп. 

 

 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
13.01.2022, 09:46

Нуриза Батырбекова

Психолог

Саламатсызбы! Сурооңуз үчүн чоң рахмат. Ооба, жашоодо ар кандай кыйынчылыктар, ойлор болот. Ушул суроо менен кайрылып жатканыңыздын өзү эле жакшы нерсе, биринчи кадам. 

Мындай учурда эң биринчиден ойлордун үстүндө иштөө керек. Мисалы, жаман ойлор келгенде "Стоп!" деген алтын эржени колдонуп, "Эмне үчүн мен өзүмдү коркутам, кыйнайм?" деген суроо бериңиз. 

Ооба, кээде жашоо кызыгын жоготуп алабыз. Бул учурда мурда кылбаган нерсени жасап көрүңүз. Мисалы, спорт, сүрөт тартуу, музыка ж.б. Булар жаңы энергия тартуулайт.

Ошондой эле энергия жок болгондо, интернеттен "Релаксация по Джекобсону" дегенди издеп таап жасаңыз. Ал жерде дене менен иштөөнү үйрөтөт. Мисалы, денени тырыштырып, кайра бошоткондо ой жүгүртүүбүз өзгөрөт, эмоциялар жакшырат. 

Максаттарыңыз энергия бербей жатканда, алгач каалоолоруңузду тизмектеп чыгып, кайра ал каалоолорду максатка айлантыңыз. Кээде жашоо шартыбызга, курагыбызга дал келбеген чоң максаттарды коюп алабыз. Ошол кезде, ал максатты майда кадамдарга бөлүп, ар бир кадамга убакытты ченеңиз. "Аз-аздан болсо дагы жасайм" деп өзүңүзгө убада бериңиз.

Эч эле болбой жатса, сөзсүз психологго барыңыз. 

Сизге ийгилик каалайм!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт