// //

Балдардагы пневмония: белгилери, дарылоо жана алдын алуу жолдору

2022.01.12, 13:03
2597

Пневмония - бул өпкөнүн бирөөсүндө же экөөсүндө тең инфекциянын болушу. Эгерде сиздин балаңызда пневмония болсо, анда сиз анын дем алуусундагы өзгөрүүлөрдү, ошондой эле дене табынын жогорулашы, нымдуу жөтөл, ашыкча чыргоолукту жана адаттан тышкары жалпы алсыроо сыяктуу симптомдорду байкайсыз.

Пневмониянын себептери

Пневмонияны вирус же сейрек учурда бактериялар алып келиши мүмкүн. Инфекция өпкөлөрдүн талаптагыдай иштөөсүн бузат.

Өпкөнүн негизги милдети кычкылтекти абадан канга өткөрүү. Инфекция болгондо өпкө өз ишин адаттагыдай жакшы аткара албай калат.

Балдардагы пневмония: симптомдору

Эгерде сиздин балаңызда пневмония болсо, анда:

  • нымдуу жөтөл
  • дене табынын жогорулашы
  • дем кыстыгуу (тез-тезден дем алуу) же дем алуунун кыйындашы
  • ал терең дем алганда же жөтөлгөндө көкүрөктүн катуу оорушуна даттанышы
  • ичи ооруп, кусушу
  • чыргоолонушу же чарчоо алсыроо белгилери болушу мүмкүн.

Балдардын көбү табитин жоготуп, ичкиси келбей калышы мүмкүн. Ымыркай абдан оорулуудай көрүнүп, жогорудагы башка симптомдорду көрсөтпөстөн тез-тезден дем алышы мүмкүн.

Жаш бөбөктөр жана катуу пневмония менен ооруган балдар суусуздануу коркунучуна дуушар болушат.

Пневмониянын симптомдору боюнча дарыгерге качан кайрылуу керек

Сиз үй-бүлөлүк дарыгерге көргөзүшүңүз керек, эгерде:

  • балаңызда жөтөл болсо жана дене табы жогоруласа
  • балаңыздын дем алуусу кыйындап жатса
  • балаңыз кусуп жана суюктуктан баш тартса (ичкиси келбесе)
  • ымыркайыңыз шалдырайт жана тез-тезден дем алат.

Эгерде балаңыздын эрини көк болуп көрүнсө, тез жардам чакырыңыз.

Пневмонияга тесттер

Дарыгер балаңыздын симптомдору тууралуу суроолорду берип, аны текшерүү аркылуу балаңыздын пневмониясы бар же жок экенин айта алат.

Сиздин үй-бүлөлүк дарыгериңиз көкүрөк клеткасынын рентгенине жана кандын анализине жөнөтүшү мүмкүн. Кандын анализи кээде дарыгерлерге балаңыздын пневмониясына вирус же бактерия себеп болгонун аныктоого жардам берет.

Пневмонияны дарылоо

Пневмония менен ооруган балдардын көбүн үйдө дарылоого болот:

  • Эгерде эмчек эмген балаңыз алты айдан жаш болсо, эмизүүнү улантыңыз, тез-тезден эмизиңиз, дагы бир кошумча эмизүүнү сунуштаңыз.
  • Эгерде балаңыз алты айга толо элек болсо жана ага бөтөлкө менен сүт берсеңиз, ага кадимки сүт аралашмасын сунуштаңыз. Эгерде ал ооруп жаткан болсо, сиз ага кичине өлчөмдөн берип турсаңыз болот.
  • Эгерде сиздин балаңыз алты айдан ашкан болсо эне сүтү менен багууну же бөтөлкөдөн ичирүүнү улантыңыз. Сиз ошондой эле балаңызга суу сыяктуу тунук суюктуктарды сунуштай аласыз. Эгерде сиздин балаңыз дене табы жогорулаган учурда ачка болбосо, анда бул нормалдуу.
  • Эгерде анын дене табы жогоруласа, үй-бүлөлүк дарыгердин көрсөтмөлөрүнө ылайык парацетамол же ибупрофен бериңиз.

Эгерде балаңыздын пневмониясына бактериялар себеп болсо, анда үй-бүлөлүк дарыгер антибиотиктерди жазып бериши мүмкүн, аны балаңыз бир жумага жакын ичиши керек. Вирустун айынан пайда болгон пневмонияда антибиотиктер иштебейт. Кээде вирустук жана бактериялык пневмониянын айырмасын айтуу кыйын болот.

Чылым чегүү пневмонияны күчөтүшү мүмкүн, андыктан үйүңүздү түтүндөн арылтыңыз.

Эгерде сиздин балаңыз катуу ооруп жатса же бир жашка толо элек болсо, анда ооруканага жаткыруу жана дарылоо үчүн ооруканага кайрылуу керек. Ооруканада балаңызга пневмония бактериалдык болсо, антибиотиктер тамчылатып (вена ичине) берилет. Кээ бир балдар дем алуусун жеңилдетүү үчүн кычкылтекке муктаж. Балаңыз ошондой эле тамчылатма аркылуу кошумча суюктук алышы мүмкүн.

Калыбына келүү адатта дарылоо башталгандан кийин тез эле болот.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен ЮНИСЕФ  иштеп чыккан бала тарбиялоого жардам берген Bebbo мобилдик тиркемесинен ата-эне көптөгөн маалыматтарды таба алат.

Bebbo тиркемесин Play Market же App Store жүктөп алыңыз.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт