// //

Баланын кекиртегинде боз-көгүш өңөр пайда болот. Кептөөр оорусу

2022.01.10, 14:48
1360

Кептөөр - "Corynebacterium diphteriae" бактериясынан улам пайда болуучу курч инфекциялык оору. Бактерия көп учурда жогорку дем алуу жолдорунун, айрыкча тамактын сезгенүүсүнө алып келет. Сейрек учурда мурун, көз, теринин кептөөрү пайда болот. Кептөөр таякчасы кан аркылуу дененин башка мисалы, жүрөк жана нерв сыяктуу бөлүктөрүнө тарашы жана олуттуу оордошууларды чакырышы мүмкүн.

Кептөөр оорулуу адам менен түз байланышта же жөтөлгөндө жана чүчкүргөндө оору жуктуруп алган адам айлана-чөйрөгө бөлүп чыгарган тамчылар аркылуу жугат. Инкубациялык мезгили (жуктуруп алгандан тарта оорунун алгачкы белгилери пайда болгонго чейин) адатта 2 күндөн 10 күнгө чейинки убакытты түзөт.

Оорунун белгилери жана симптомдору

Бактерия тамактын жана алкым бездеринин сезгенүүсүн жана температуранын бир аз жогорулашын шарттайт. 2-3 күндүн ичинде алкым бездеринде, жумшак таңдайда жана кекиртекте боз-көгүш өңөр пайда болот, ал дем алуу жана жутуудагы кыйынчылыктардын себеби болушу мүмкүн. Мындай өзгөрүүлөр жөтөлгөндө үн байламталарына чейин жайылышы мүмкүн, ал эми калчылдоого кошумча  ысытмадан тышкары үндүн кирилдеши келип чыгат. Бактерия  тарабынан бөлүнүп чыккан уу кан аркылуу дененин ар кайсы жерлерине тарайт жана көптөгөн татаалдашууларга алып келиши мүмкүн.

Оордошуулар

Кептөөрдүн токсиндеринин натыйжасында пайда болгон эң көп таралган кыйынчылыктар - бул жүрөк булчуңдары менен нервдердин сезгенүүсү болуп саналат. Жүрөк оорлошууларына жүрөктүн кагышынын бузулушуна жана жүрөк жетишсиздиги кирет. Нерв системасынын иштешинин бузулушу: жумшак таңдай, дем алуу булчуңдарынын, диафрагма, буту-колдун шал болуусу түрүндө көрүнөт. Дем алуу булчуңдарынын шал болуусунан улам муунуу келип чыгышы ыктымал. Кептөөр учурлардын 5-10%да өлүмгө алып келиши ыктымал, бул көбүнчө 5 жашка чейинки балдарда кездешет.

Кептөөрдү дарылоо

Кептөөрдү дарылоо ооруканаларда гана жүргүзүлөт. Ооруканага жаткырууну создуктуруу оордошууларга жана оорунун жагымсыз аякташына себепчи болушу мүмкүн. Кептөөрдү дарылоодо кептөөргө каршы сары суу, антибиотиктер жана симптоматикалык препараттар колдонулат.

Кептөөрдүн алдын алуу

Балдарды кептөөрдөн коргоо иммундаштыруу менен камсыздалат.  КР Профилактикалык эмдөөлөр календарына ылайык кептөөргө каршы эмдөө көк жөтөл, кептөөр, сенек, В вирустук гепатити жана гемофилдик инфекцияга каршы эмдөө үчүн колдонулуучу пента вакцина менен: 2 ай, 3,5 ай, 5 айда жасалат.

Кептөөргө каршы иммунитетти колдоо үчүн балдарга 2 жашында АКДС вакцинасы жана 6 жашында АДС вакцинасы менен ревакцинация (кайталап эмдөө) жасалат.

Балдарга жасалган ийгиликтүү эмдөөдөн улам оору көптөгөн өлкөлөрдө катталган эмес, бирок инфекция дагы эле дүйнө жүзүнүн кээ бир жерлеринде бар жана башка жактан келиши мүмкүн, ошондуктан сиз балаңызды коргошуңуз керек.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен ЮНИСЕФ  иштеп чыккан бала тарбиялоого жардам берген Bebbo мобилдик тиркемесинен ата-эне көптөгөн маалыматтарды таба алат.

Bebbo тиркемесин Play Market же App Store жүктөп алыңыз.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт