Эмнеге мага аялы бар эркектер комплимент айтып, сүйүүсүн билдире беришет?
Эмнеге мага аялы бар эркектер комплимент айтып, сүйүүсүн билдире беришет? Бойдок жигиттер деле сүйүүсүн айтышкан, бирок эч кимисиникин кабыл алган эмесмин. Азыр аялы бар киши менен жөн гана сүйлөшөм. Ал аялын таштабайт, бирок мени дагы кое бербейт. “Күйөөгө тий” деп айтат, бирок ким менен жүргөнүмдү сурап турат. Аны жакшы көрөм. Ал муну билип колдонот. Анын менден башка дагы кыздары бар экен. Аялына боорум ооруйт, аялын жакшы көрөрүн айтат, бирок эмнеге “измена” кылат? Акырындап ал кишиден алыстап баштадым. Бирок андан башка аялы бар эркектер сүйүүсүн билдиргенин коюшпады. Эмнеге андай? Мен аларды өзүм тартамбы? Ичпейм, чекпейм, көп басып, ачык кийинбейм, ачык айрым, оюмду ачык билдирген, жөнөкөй эле кызмын. Вульгарная болсом бир жөн. Баары эле жигит тап дешет. Кантип ушул жашка чейин жыныстык катнашсыз жашап жатканыма таң калышат. Эмне кылсам болот?
Асель Баимбетова
Психолог
Кутмандуу күнүңүз менен!
Ар бир адам өз тандоосун өзү жасайт. Сиз үй-бүлөлүү адамдын сүйлөшкөн кызы болууну тандадыңыз. Катыңызды окуп чыгып, мындай бир божомолго келдим,
сиз ушундай эркектер менен сүйлөшүп жүргөндө, өзүңүздү ошол абалдын кожойкеси сезе тургандай сезим калды. Тактап айтканда, сиз аларга аялы менен бирге жашоосун же жашабай тургандыгын көрсөтө аласыз.
Балким, сиз жылуулукка, сүйүүгө муктажсыз жана сиз эмнени тандасаңыз, ошол нерсе келет. Балким сиз ата мээримине зарыл болуп чоңойгонсуз, ошон үчүн өзүңүзгө "ата" сыяктуу улууларды тандайсыз.
Ошондой эле, сиздин ички дүйнөңүздү бышып жетиле элек деп айтууга болот, ичиңизден кичинекей баладайсыз, ал бала кыялын көрсөтүп, "Эмне үчүн мен мындаймын?" деп эркелеп, чыр салууда.
Сиз жашыңызды көрсөткөн эмес экенсиз, ошондуктан так кеңеш берүү кыйын болууда.
Башка бирөөнүн үй-бүлөсүнө кийлигишип, анан кайра "Эмне үчүн аялынын көзүнө чөп салып жатат?" деп ойлогонуңуз абдан кызык болууда.
Сиз али жашсыз жана бардык жолдор ачык, башка жолду тандай аласыз, өзгөрө аласыз. Баа жеткис жылдарыңызды мындай мамилелерге жумшоонун кереги барбы? Балким, сиз алардын аялдарынын фонунда өзүңдү таза, кол жеткис жана боорукер экениңизди ырастап, бааңызды көтөрөсүз.
Мындай мамиледе эркектин аялын алдаганы көп болот, эң өкүнүчтүүсү – өзүңүздү алдайсыз.
Мүмкүнчүлүгүңүз болсо, психологго кайрылып кеңеш алып коюңуз.
Психолог Асель Баимбетова менен инстаграмдагы @psihologiya_kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.