// //

Тост сүйлөгөндөн уялып конокко барбайм. Эмне кылсам болот?

2022.01.07, 13:27
1036

Саламатсызбы! Конокко барганда тост сүйлөгөндөн уялам. Мага келбесе экен деп тиленем. Тосттон качып конокко да баргым келбейт. Мындан арылуунун жолу барбы? 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
07.01.2022, 14:12

Нуриза Батырбекова 

Психолог

Саламатсызбы! Бул өзүңүзгө болгон ишенимдин төмөн экенинин көрсөткүчү. Бирөө менен урушканда же тост сүйлөгөндө ойлор келет, туурабы? Мына ошолорду ачык айтканга үйрөнүңүз. Мисалы, “мен сенин өзүңө эмес, иш-аракеттериңе жиним келип жатат” дегендей. Тост айтарда дагы бизге жазгандай эле, сезимдериңизди ачыкка чыгарыңыз. Конокторго болгон ыраазычылыгыңызды, толкунданып жатканыңызды билдирсеңиз сөз өзүнөн-өзү уланып кетет.

Андан кийин, денеңиз менен иштеңиз. Бул учурда дем алуу техникалары жардам берет. 4 секундун ичинде  дем алып, аны кайра 4 секунддун ичинде чыгарыңыз. Денеңиздин баарын 7 секунддун ичинде тырыштырып, кайра 30 секунддун ичинде бошотуңуз. Бул көнүгүүлөрдү күн сайын, бош отурган убакта 4-5 мүнөтүңүздү бөлүп жасап туруңуз. Ошондо, кадимкидей денеңиз бошой баштайт. Жыйынтыгын дароо күтпөңүз, белгилүү бир убакыт өткөндөн кийин гана өзүңүздөгү өзгөрүүлөрдү байкай баштайсыз.

Алгач эки –үч адамдын алдында сүйлөңүз, бара –бара топтордун санын көбөйтүңүз. Оюңузга жаман ойлор келип, өзүңүздү критикалай баштаганда “стоп” деп токтоткон эрежени колдонуңуз. Психологго кайрылып кеңеш алып коюңуз.

Ийгилик!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт