Кичинекей балам "өлтүрөм" деп көп айтат. Эмне кылышым керек?
Cаламатсызбы. Беш жаштагы балам бар, жини келсе эле дароо “өлтүрөм, кесип таштайм” деп урушчу болду. Урушсам ого бетер күчөйт. Жини тараганда, “антип айткан болбойт, ал жаман сөз” деп түшүндүрсөм “макул, айтпайм” дейт, бирок кайра эле кайталанып жатат.
Жакында мындай окуя болду: майлыкты газга бышырам дейт, “жөн, антпе, ал күйсө үй өрттөнөт, үйүбүз жок калабыз да”, десем, “анан өлөбүз да” дейт. “Жок, өлбөйбүз, эмнеге эле антип айтып жатасың?” десем, “өлүш керек болуп атпайбы, өлгүм келип жатат”, деди.
Жүрөгүм шуу дей түштү. Мынтип сүйлөчу эмес, кадимки балдардай эле ойнойт, бала бакчага барат, үйдөн эч ким урбайт, айтканын алып беребиз. Атасы мага кол көтөрбөйт, анын көзүнчө урушпайбыз дагы.
Эмне кылыш керек?
Карлыгаш Акимкулова
Психотерапевт
Саламатчылык. Баланын оюу боюнча ал тил албай койсо аны өлүм жазасы күтүп турат, деп ойлоп жатат окшойт. Ал бул сөздү бирөөдөн же бир жерден уккан же көргөн. Балким телефизордон же интернеттен.
Балким бирөө коркутуп, уруп же кемсинтип койгон. Балаңыз менен жайдары сүйлөшүңүз: "Мен сага жардам берем. Мен сени коргойм. Мен ар дайым сен тарапта болом" - деп айтып, сыры бар болсо жашырбай айтып берүүсүн сураныңыз.
"Өлүш керек болуп жатпайбы" - дегени коопту. Ага карата зомбулук болгон болушу мүмкүн. Андай боло турган болсо баланын жүрүм-турумунда башка белгилер да байкалат.
Ачулуу, агерссивдүү болуп, оюнчуктарын сындырат. Шайыр, тынчы жок балдар бир заматта момун болуп, ашыкча сүйлөгүсү келбей, мурункудай ойнобой калат. Кээ бирлер төшөккө сийип коет, ичи өтөт, же тетирисинче ичи катыйт.
Жуунтуп жатканда денесин жакшылап карап чыккыла. Тытылып, көгөрүп калган жерлери жок бекен?
А балким, ал жөн гана сиз мындай сөзгө кандай реакция кыла турганыңызды текшерип жатат. Сизге канчалык таасир берээрин көргүсү келет.
Бул сөздүн маанисин жөнөкөй сөздөр менен түшундүрүп берүүгө аракет кылгыла. Убагы келгенде бардык адамдар өлөт. Бирок өз өмүрүңдү сактап, көп жашаганга аракет кылуу керек, деп жайдары айтып бериңиз.
Сиздин кадимкидей сүйлөп жатканыңызды жана тынч эле реакция кылып жатканыңызды көрүп, бул сөздөрду айтпай калат, жана эч кимди коркутпайт.
Колдон келсе балдар психологуна кайрылып консультация алып көрүңүз.
Карлыгаш Акимкулова менен инстаграмдагы @psihoanaliz_kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.