Балабыз басса-турса чочосун кармай берет. Бул адатын кантип калтырсак болот?
Саламатсызбы! Уулум май айында үч жашка чыгат. Бир жылдан бери басса-турса чочосун кармай берет. Урушуп да, коркутуп да көрдүк, бул адатын эч эле калтырбай жатат. Уктап калса да колун чыгарбайт. Сүннөткө отугузганбыз, ал убакта жакшы эле жүрдү, айыккан соң кайра баштады. Кечке кармалап, тургузуп ойнойт. Кантип калтырсак болот адатын?
Карлыгаш Акимкулова
Психолог
Кичинекей балдар 2-3 жашынан баштап өзүнүн кыз же эркек экенин түшүнүп, айырмалай башташат. Эркек балдар чочосун көрүп, аны кармалап ойногондо жагымдуу сезимдер болоорун билишет.
Бирок, балдарда бул убактылуу гана нерсе болот. Сиздин айтымыңызда уулуңуз көптөн бери кармалап ойнойт экен. Бул жерде бир нече себеп болушу мүмкүн.
Көбүнчө мусулман үй-бүлөлөрдө эркек баланы жогорураак көрүп, анын чочосу бар болгону үчүн мактап, ошонусу менен сыймыктанышат. Эркек бала да ата-энесин көрүп өзү менен сыймыктанат. Мисалы “апчүңдү берчи” деген оюн бар, анда бала улам-улам чочосун кармап, элге берип, чоңдорду кубанычка бөлөйт. Албетте элди күлдүрүп жатса, кайра-кайра кармагысы келет. Ата-эне өздөрү байкабай балада онанизм оорусун пайда кылышат.
А балким тескерисинче, баланы көп урушасыңар, ал коркот, кооптонот, анан чочосун кармаган сайын кичине алаксый түшөт. Ошентип өзүн-өзү стресстен арылтат.
Кандай болгон күндө бул адатын калтыруу керек. Бирок кантип?
Башкысы урушпагыла, коркутпагыла. Силер урушкан сайын бала нервтенип, ого бетер кармагысы келет. Эс тартып калгандан кийин силерден жашынып деле кармай берет. Болгону көңүлүн башка нерсеге буруп алаксыткыла, колуна оюнчук карматкыла. Жайдары эле, антип ойногон болбойт, чочосу заара кылганга керек, бул оюнчук эмес деп түшүндүргүлө.
Уктатканда капталына жаткырып, колдорун жууркандын сыртына чыгарып койгула. Жанына өзү жакшы көргөн жумшак оюнчугун да кучактап жат, деп берип көрсөңөр болот. Негизи эле уулуңузду көбүрөөк кучактап, эркелетип, бирге ойноп тургула. Балким, ал сиздин көңүлүңөргө муктаж болуп жатат?