Жашым 28де, турмушка чыга элекмин. Бардык эркектер үчүн кыздык маанилүүбү?
Саламатсызбы! Турмушка чыгайын дегем, жашым 28де. Бирок мырзалар кыздыкка карашат экен. Мен турмушка чыккан эмесмин, кыз эмесмин. Кыздык ушунчалык маанилүүбү?
Эльвира Чокоева
Психолог
Саламатсызбы! Бардык эркектер үчүн кыздык белги маанилүү же маанилүү эмес деп так айта албайбыз. Ар кимдин ой жүгүртүүсү, баалуулуктары, принциптери ар кандай.
Бир нерсени так айта алам, мырзалар аялдын өзүнө жасаган мамилесин, өзүн-өзү кабыл алуусун мыкты сезишет. Эгер аялдын өздүк баасы объективдүү болсо, жеке оюн билдире алган көз карандысыз айым болсо, эркек да ага тиешелүү мамиле жасайт.
Өзүңүз деле биринчи никеси менен ажырашып, бир нече баласы менен экинчи ирет турмуш куруп, бактылуу жашап жаткан айымдар тууралуу көп эле билип, угуп жүрсөңүз керек.
Ошондуктан ар тараптуу өрчүгөнгө аракет кылыңыз, өздүк бааңызды көтөрүңүз.
Ийгилик!
Эльвира Чокоева менен инстаграмдагы @elvira_psiholog аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.